КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-майдагы №305 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 660 “Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын натыйжалуу ишке ашыруу максатында, “Энергетика жөнүндө”, “Электр энергетикасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 660 “Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатында: 

- 3-главада: “Калк” бөлүмчөсүнүн үчүнчү абзацындагы “2014-жылдын 1-декабрынан баштап 70 тыйын/кВтс тариф боюнча жүргүзүлөт, ал 2015-жылдын 1-апрелинен” деген цифралар жана сөздөр “70 тыйын/кВтс тариф боюнча жүргүзүлөт, ал 2015-жылдан тартып” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын. - “Насостук станциялар” бөлүмчөсү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Насостук станциялар Калкты ичүүчү суу жана айыл чарба жерлерин сугаруу, ошондой эле канализациялык чарбанын муктаждыктары үчүн пайдаланылуучу суу менен камсыздаган насостук станциялар жана скважиналар үчүн электр энергиясына тариф социалдык багытталган тарифтин деңгээлинде, 72,8 тыйын/кВтс өлчөмүндө, мурунку жылдагы иш жүзүндөгү инфляциянын чоңдугуна гана жыл сайын түзөтүү менен калат.”; 

- 1-тиркемеде: аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Акыркы керектөөчүлөр үчүн (Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун, Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын жана Кара-Көл шаарынын керектөөчүлөрүнөн тышкары) электр энергиясына тарифтерди көтөрүү темптери жана алардын чоңдуктары (салыктарды эсепке албаганда)”; 

- “01.04.2015”, “01.04.2016” жана “01.04.2017” цифралары тиешелүү “01.06.2015”, “01.06.2016” жана “01.06.2017” деген цифралар менен алмаштырылсын; 

- 2-тиркемеде: аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун, Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын жана Кара-Көл шаарынын акыркы керектөөчүлөрү үчүн электр энергиясына тарифтерди көтөрүү темптери жана алардын чоңдуктары (салыктарды эсепке албаганда)”; 

- “01.04.2015”, “01.04.2016” жана “01.04.2017” цифралары тиешелүү “01.06.2015”, “01.06.2016” жана “01.06.2017” деген цифралар менен алмаштырылсын. 

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                                 Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу