КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-майындагы №281 токтому

2015-жылга  Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоо стандарттарынын шкаласын (коммуналдык чыгымдарсыз) бекитүү жөнүндө 

Билим берүү секторунда финансылык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында, “Билим берүү жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43 жана 44-беренелерине,  “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2015-жылга  Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоо стандарттарынын шкаласы  (мындан ары- стандарттар шкаласы)   (коммуналдык чыгымдарсыз)   ушул   токтомдун

1- тиркемесине  ылайык бекитилсин.

2. Жалпы билим берүү уюмдарын кийинки жылдарга бюджеттик каржылоо стандарттарынын шкаласы бекитилгенге чейин  ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген  стандарттардын шкаласы колдонулаары белгиленсин.

  3.    Кыргыз     Республикасынын     Өкмөтүнүн        2013-жылдын  30-майындагы № 302 “Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пунктунун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоо стандарттарын   аныктоо    методикасына    тиркеме    ушул     токтомдун

2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген ченемдик каржылоонун механизми жайылтылбаган Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын тизмеги ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

4. Ушул  токтом  расмий  жарыяланууга тийиш жана  2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                  Т.А.Сариев


Тиркемелер

Басып чыгаруу