Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 716 “Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкерлердин кадрлык резервин түзүүнүн жана пайдалануунун жаңы принциптери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Кадрлык резервди түзүү процессине тармактык мамлекеттик органдарды тартууну жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 716 “Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкерлердин кадрлык резервин түзүүнүн жана пайдалануунун жаңы принциптери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 2-пунктта:
экинчи жана үчүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун (мындан ары коомдор) директорлор кеңештеринин мүчөлөрүнүн кызмат орундарына шайлоо үчүн талапкерлер коомдордун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкерлердин кадрлык резервин түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын сунуштоосу менен талапкерлердин кадрлык резервинде турган адамдардын арасынан мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан коомго белгиленген тартипте киргизилет;
- коомдун жеке башкаруучу аткаруу органынын кызмат ордуна же коллегиялуу аткаруучу органынын мүчөлүгүнө шайлоо үчүн талапкерлер, иштери директорлор кеңештерин түзбөстөн жүргүзүлгөн коомдордун директорлор кеңештеринин мүчөлөрү же акционерлери тарабынан, же болбосо коомдун ички документтеринде каралган тартипте ачык эл аралык конкурстун жыйынтыгы боюнча коомдун кадрлык резервинде турган адамдардын арасынан киргизилет. Ушуну менен бирге Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин тизмегине киргизилген коомдордун жеке башкаруучу аткаруу органынын мүчөлөрүнүн же коллегиялуу аткаруучу органынын жетекчисинин кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерлер мыйзамдарда белгиленген тартипте тармактык мамлекеттик органдар жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен макулдашылат;”;
алтынчы абзацтагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд” деген сөздөр “мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
“- Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин тизмегине киргизилген коомдордун жеке башкаруучу аткаруу органы же коллегиялуу аткаруучу органынын жетекчиси тарабынан шайланган адамдын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнө чейин токтотуу жөнүндө маселе тармактык мамлекеттик органдын сунуштоосунун негизинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен макулдашуу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте киргизилет.”;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкерлердин кадрлык резервин түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жободо:
5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5. Комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен 17 адамдан турган курамда түзүлөт, анын жеке курамы төмөнкү органдардын өкүлдөрүнүн арасынан турат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты – 1 адам;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты – 1 адам;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – 2 адам;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – 2 адам (анын ичинде жетекчиси);
- энергетика чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – 2 адам;
- транспорт тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – 1 адам;
- кен пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – 1 адам;
- финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – 1 адам;
- аудит, корпоративдик башкаруу жана бизнес тармагындагы кесиптик ассоциациялар – 3 адам;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы, ошондой эле мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдорду тейлөөчү тармактык мамлекеттик органдардагы коомдук кеңеш – 1 адамдан.”;
6 жана 8-пункттардагы түрдүү жөндөмөдөгү “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү “мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдорду тейлөөчү тармактык мамлекеттик органдар жаңы кадрлык резерви түзүлгөнгө чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-апрелиндеги № 151-б буйругу менен бекитилген Комиссия тарабынан түзүлгөн кадрлык резервинен коомдордун директорлор кеңештеринин жана ревизиялык комиссияларынын кызмат орундарына талапкерлердин көрсөтүлүшүн камсыз кылышсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев