Кыргыз Республикасынын мамлекеттик секторун 2017-жылга чейинки мезгилге реформалоонун артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, мониторинг жүргүзүү, баалоо жана андан ары реформаны ишке ашыруу процессиндеги өзгөрүүлөрдү башкаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 167-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Мамлекеттик секторду реформалоонун үч этабы белгиленсин:
Биринчи этап | Кыска мөөнөттүү чаралар/иш-аракеттер | 2015-жылдын 31-декабрына чейин |
Экинчи этап | Орто мөөнөттүү чаралар/иш-аракеттер | 2016-жылдын 31-декабрына чейин |
Үчүнчү этап | Узак мөөнөттүү чаралар/иш-аракеттер | 2017-жылдын 31-декабрына чейин |
”; - жогоруда аталган буйруктун тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын. Премьер-министр Дж.К.ОторбаевТиркеме