Кыйыр салыктар боюнча салык отчетунун, товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын, акциздик товарларды алдыдагы алуу, товарларды ташып келүү (ташып кетүү) жөнүндө кабарлоонун формаларын жана аларды толтуруу тартиптерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 44, 86, 28219 жана 290-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Төмөнкүлөр бекитилсин:
- кыйыр салыктар боюнча отчеттун формасы (FORM STI – 123) 1-тиркемеге ылайык;
- кыйыр салыктар боюнча отчеттун формасын толтуруу тартиби (FORM STI – 123) 2-тиркемеге ылайык;
- товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын формасы (DOC STI – 136) 3-тиркемеге ылайык;
- товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызды толтуруу тартиби (DOC STI – 136) 4-тиркемеге ылайык;
- акциздик товарларды алдыдагы алуу, товарларды ташып келүү (ташып кетүү) жөнүндө кабарлоонун формасы (DOC STI – 135) 5-тиркемеге ылайык;
- акциздик товарларды алдыдагы алуу, товарларды ташып келүү (ташып кетүү) жөнүндө кабарлоону толтуруу тартиби (DOC STI – 135) 6-тиркемеге ылайык.
- Ушул токтом 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулушу тууралуу эл аралык келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министр Дж.К.Оторбаев