КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 232 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 2 “Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу жана аларды берүү тартибин бекитүү жөнүндө токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Калкка рецепт менен берилүүчү дары-дармек каражаттарына рецепт жазууга жана аларды сатууга контролду күчөтүү максатында,  “Дары-дармек каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 2 “Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу жана аларды берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

“- Дарыкана уюмдары аркылуу сатылуучу медициналык багыттагы товарлардын жана буюмдардын тизмеги.”

- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“3. Рецепт менен берилүүчү дары-дармек каражаттары эл аралык патенттелбеген аталышы менен бекитилген үлгүдөгү рецепттердин бланктарына гана, анын ичинде ММКФ тарабынан сатылуучу дары-дармек менен камсыздоонун жеңилдетилген программаларынын алкагында бекитилген жана колдонуудагы рецепттердин бланктарына жазылары белгиленсин. Рецепт жазууда дары-дармек каражаттарынын эл аралык патенттелбеген аталышы жок учурда, анын соодалык аталышын колдонууга жол берилет.”;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу эрежелеринде:

- 5-пунктта:

экинчи абзацындагы “№ 148-1/у формадагы” деген цифралар жана сөздөр “ЛС-2 формадагы” деген сөздөр жана цифра менен алмаштырылсын;

үчүнчү абзацындагы “№ 107-1/у формадагы” деген цифралар жана сөздөр “ЛС-1 формадагы” деген сөздөр жана цифра менен алмаштырылсын;

төмөнкү мазмундагы төртүнчү-алтынчы абзацтар менен толукталсын:

“ЛС-1 формадагы рецепттик бланк рецепттик бланктан жана айруу сызыгы менен бөлүнгөн айруу талонунан турат.

Дарыгер айруу талонунда дарыгердин жана бейтаптын аты-жөнүн, жазылган дары-дармек каражатын, датасын  көрсөтөт. Айруу талону өздүк мөөр жана дарыгердин колу, саламаттык сактоо уюмунун рецепттер үчүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

Фармацевт рецепттик дары-дармек каражатын дарыкана уюмунан берүүдө айруу талонуна фармацевттин аты-жөнүн, берилген дары-дармек каражатынын аталышын көрсөтөт жана дарыкана уюмунун мөөрү менен күбөлөндүрөт. Айруу талону дарыкана уюмунда калтырылат.”;

- 7-пунктта:

биринчи абзацындагы “же генерикалык” деген сөздөр алып салынсын;

биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:

“Дары-дармек каражаттарында  эл аралык патенттелбеген аталышы жок учурда, рецепт жазууда анын соодалык аталышын колдонууга жол берилет.”;

экинчи абзацындагы “№ 148-1/у формадагы” деген цифралар жана сөздөр  “ЛС-2 формадагы” деген сөздөр жана цифра менен алмаштырылсын;

- 8-пункттун экинчи абзацындагы “, А тизмесиндеги дары-дармек каражаттарынын” деген сөздөр алып салынсын;

- 15-пункттагы “, ошондой эле А жана Б тизмелериндеги дары-дармек каражаттарын” деген сөздөр алып салынсын;

- 18-пункттун  үчүнчү абзацындагы “№ 107-1/у формадагы” деген цифралар жана сөздөр “ЛС-1 формадагы” деген сөздөр жана цифра менен алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген рецепттердин бланктарынын формаларында:

- № 107-1/у формадагы рецептин бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү “№ 148-1/у форма” деген цифралар жана сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “ЛС-2 форма” деген сөздөр жана цифра менен алмаштырылсын;

- № 107-1/у формадагы рецепт ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген фармацевттик уюмдардан дары-дармек каражаттарын берүү эрежелеринде:

- 2-пункттагы “, А жана Б тизмедеги дары-дармек каражаттары” деген сөздөр алып салынсын;

- 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Дарыкана уюмунан психотроптук дары-дармек каражаттарын дарыгердин рецепти боюнча берүүдө, фармацевт рецепт жазып берилген бейтапты күбөлөндүргөн документти талап кылууга жана айруу талонунда бейтапты күбөлөндүргөн документтин номерин, сериясын, берилген күнүн жана ким бергенин жазып калууга милдеттүү.”;

- төмөнкү мазмундагы 121-пункт менен толукталсын:

“121. Рецепттик дары-дармек каражаттарын бейтапка бергенден кийин калган рецепттердин айруу талондору дарыкана уюмунда бекитилүүчү шкафта, тигилген, мөөр басылган, боо тагылган түрдө айлар жана жылдар боюнча эки жыл бою сакталышы керек, аталган мөөнөт өткөндөн кийин мыйзамда белгиленген тартипте жок кылынат.”.

- 13-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Рецептик бланктарды сактоо тартиби жөнүндө нускамада:

- 6-пунктта:

биринчи сүйлөмдөгү “№ 148-1/у жана № 107-1/у формадагы” деген цифралар жана сөздөр  “ЛС-2 жана ЛС-1 формадагы” деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;

экинчи сүйлөмдөгү “№ 107-1/у формасындагы” деген цифралар жана сөздөр  “ЛС-1 формасындагы” деген сөздөр жана цифра менен алмаштырылсын;

- токтом ушул токтомго 2-тиркемеге ылайык редакцияда “Дарыкана уюмдары аркылуу сатылуучу медициналык багыттагы товарлардын жана буюмдардын тизмеги” деген тиркеме менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн. 

 Премьер-министр                                                      Дж.К.Оторбаев



 

Тиркемелер

Басып чыгаруу