КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 188 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү  жана толуктоолорду  киргизүү жөнүндө  

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын   22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 1-пунктундагы “371” жана “224” деген цифралар “380” жана “233” деген цифралар менен  тиешелүү түрдө алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинин эскертүүсүнүн 3-пунктунун биринчи абзацы “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине,” деген сөздөрдөн кийин “Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине,” деген сөздөр менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын    20-февралындагы № 113 “Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башкаруу схемасы  төмөнкүдөй мазмундагы позициялар менен толукталсын:“

 КРнын Азербайжан Республикасындагы Элчилиги


КРнын

Бириккен Араб Эмираттарындагы

Элчилиги


КРнын

Катар Мамлекетиндеги

Элчилиги

”.




3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга  республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен  Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине каралган каражаттардын чегинде Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызматкерлеринин штаттык санын көбөйтүүнү жүргүзсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                   Дж.К.Оторбаев

Тиркемелер

Басып чыгаруу