КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 токтому

Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө

Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөө системасын өркүндөтүү жана тартипке салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү, 1-23-тиркемелерге ылайык;

- мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде тейлөөдө иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү, 24-тиркемеге ылайык;

- мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлерге иштеген жылдары үчүн пайыздык кошумчалардын өлчөмдөрү, 25-тиркемеге ылайык.

2. Кызматкерлерге төмөнкүлөр белгиленсин:

- эмгектик өргүүгө чыкканда эки айлык эмгек акы фондусунун өлчөмүндө ден соолугун чыңдоого жөлөкпул төлөнөт;

- календарлык жылдын аягында орточо айлык эмгек акы фондусунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы төлөнөт.

3. Мамлекеттик мекемелердин, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелердин жетекчилерине жыл ичинде үнөмдөлгөн эмгек акы фондусунун каражаттарын кызматкерлерге эмгектеги жогорку жана сапаттуу натыйжалары, кесиптик жана чыгармачылык демилге көтөргөнү үчүн көтөрмөлөөчү төлөмдөрдү төлөөгө жумшоого укук берилсин.

Көрсөтүлгөн көтөрмөлөөчү төлөмдөр кызматкерлердин жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча орточо эки айлык эмгек акысынан ашпаган өлчөмдө төлөнөөрү белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" мамлекеттик долбоорлоочу институтунун директоруна долбоорлоочу-изилдөөчү, иликтөөчү жана камералык жумуштардын баардык түрлөрүн аткарууда ушул токтомдун 4-тиркемесинде көрсөтүлгөн кызматкерлердин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүнө карата төмөнкүлөргө укук берилсин:

төмөнкүдөй коэффициенттерди колдонууга:

- 1,1ден 2,0гө чейин - долбоорлоочу-изилдөөчү жана иликтөөчү жумуштарды талаалык шартта аткарганда;

- 1,1ден 1,5ке чейин - камералык жумуштарды аткарганда, иштин аткарылган ченемине жараша;

квалификациялык категориясы үчүн кызматтык маяналарынан төмөнкүдөй пайыздык кошумчаларды белгилөөгө:

- биринчи категорияга - 20 пайыз;

- экинчи категорияга - 10 пайыз.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картография-геодезиялык кызматынын (Мамкартография) жетекчисине топографиялык-геодезиялык иштердин баардык түрлөрүн аткарууда, ушул токтомдун 5-тиркемесинде көрсөтүлгөн кызматкерлердин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүнө карата төмөнкүлөргө укук берилсин:

төмөнкүдөй коэффициенттерди колдонууга:

- 1,1ден 2,5ке чейин - топографиялык-геодезиялык жумуштарды талаа шартында аткарганда;

- 1,1ден 2,0гө чейин - камералык жумуштарды аткарганда;

квалификациялык категориясы үчүн кызматтык маяналарынан төмөнкүдөй пайыздык кошумчаларды белгилөөгө:

- биринчи категорияга - 20 пайыз;

- экинчи категорияга - 10 пайыз.

6. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборунун жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо борборунун кызматкерлеринин төмөнкү категорияларына, ушул токтомдун 7-тиркемесинде көрсөтүлгөн кызматкерлердин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүнө төмөнкүдөй өлчөмдөрдөгү пайыздык кошумчалар белгиленсин:

медициналык кызматкерлерге квалификациялык категориясы үчүн:

- жогорку категорияга - 50 пайыз;

- биринчи категорияга - 30 пайыз;

- экинчи категорияга -10 пайыз

кызматтык маянанын өлчөмүнөн;

медициналык кызматкерлерге жана кенже тейлөөчү персоналга түнкүсүн иштегендиги үчүн - сааттык тарифтик коюмдун 50 пайызы;

санитаркаларга синтетикалык, жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуп иштегендиги үчүн - кызматтык маянасынын 25 пайызы өлчөмүндө.

7. Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген тейлөөчү техникалык персоналдын жана кенже персоналдын ушул токтомдун 24-тиркемесинде көрсөтүлгөн айрым кызматкерлеринин кызматтык маяналарына төмөнкүдөй өлчөмдөрдөгү пайыздык кошумчалар белгиленсин:

автомашиналардын айдоочуларына нормасыз жумуш убактысы үчүн - кызматтык маянанын 25 пайызы өлчөмүндө;

кароолчуларга түнкү убакта иштегендиги үчүн - сааттык тарифтик коюмдун 50 пайызы;

жумушчуларга кесиптик чеберчилиги үчүн:

тиешелүү кызматтык маянасынын өлчөмүнөн

- 4-разрядга - 15 пайыз;

- 5-разрядга - 20 пайыз;

- 6-разрядга - 25 пайыз

кызматтык маянанын өлчөмүнөн;

кызматтык жайларды, коомдук дааратканаларды тазалоочуларга синтетикалык жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуп иштегендиги үчүн - кызматтык маянанын 25 пайызы.

8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу сунуштарды даярдоодо ушул токтомдон чыгуучу сарптоолорду эсепке алсын.

9. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 81 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-мартындагы № 190 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-июнундагы № 420 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 520 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-ноябрындагы № 696 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-январындагы № 2 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-октябрындагы № 253 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-июлундагы № 402 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июлундагы № 481 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 650 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-декабрындагы № 873 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-мартындагы № 132 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 488 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 511 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтомунун 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 372 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пункту;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-сентябрындагы № 541 токтому.

10. Ушул токтом 2015-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.

11. Ушул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.


Кыргыз Республикасынын Премьер-министри


Дж.Оторбаев


1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын
ӨЛЧӨМДӨРҮ

Кызматтардын аталышы

Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү (сом)

1. Жол чарба департаментинин аппараты

1

Директор

12500

2

Директордун орун басары

11500

3

Башкы инженер

11500

4

Башкы бухгалтер

10000

5

Бөлүмдүн начальниги

10000

6

Башкы адис

7400

7

Жетектөөчү адис

6900

8

Адис

5900

2. Бишкек-Ош автомобиль жолдорунун мамлекеттик дирекциясынын аппараты

9

Башкы директор

10500

10

Башкы инженер

9500

11

Башкы директордун орун басары

9000

12

Башкы бухгалтер

8200

13

Бөлүмдүн начальниги

8200

14

Башкы адис

7000

15

Жетектөөчү адис

6500

16

Адис

5700

3. Автомобиль жол өндүрүштүк башкармалыгынын, автомобиль жол башкармалыгынын аппараты

17

Начальник

8800

18

Башкы инженер

8500

19

Начальниктин орун басары

8200

20

Башкы бухгалтер

7900

21

Бөлүмдүн начальниги

7900

22

Башкы адис

6800

23

Жетектөөчү адис

6300

24

Адис

5500

4. Жол-эксплуатациялык ишканалардын аппараттары

25

Начальник

7800

26

Башкы инженер

7500

27

Башкы бухгалтер

6800

28

Бөлүмдүн начальниги

6800

29

Башкы адис

6500

30

Жетектөөчү адис

6000

31

Адис

5300


2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын
ӨЛЧӨМДӨРҮ

Кызматтардын аталышы

Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү (сом)

1. Борбордук атайын контролдоо-токсикология лабораториясы

1

Лаборатория башчысы

8000

2

Башкы адис

6500

3

Жетектөөчү адис

6200

4

Адис

5800

5

Инженер-электрик

5700

Оштогу атайын контролдоо-токсикологиялык лабораториясы

6

Лаборатория башчысы

7500

7

Башкы адис

6200

8

Жетектөөчү адис

5800

9

Адис

5300

2. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча борбордук лаборатория

10

Лаборатория башчысы

8000

11

Башкы адис

6500

12

Жетектөөчү адис

6200

13

Адис

5800

Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Оштогу лаборатория

14

Лаборатория башчысы

7500

15

Башкы адис

6200

16

Жетектөөчү адис

5800

17

Адис

5300

3. Сортторду сыноо жана өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстары боюнча мамлекеттик борбор

18

Төрага

11000

19

Төраганын орун басары

10000

20

Башкы агроном

8400

21

Башкы инженер

8400

22

Лаборатория башчысы

7000

23

Башкы адис

6500

24

Жетектөөчү адис

6200

25

Адис

5800

26

Агроном

5800

4. Тоңдогу балык өстүрүү заводу

27

Директор

8000

28

Башкы бухгалтер

6600

29

Башкы адис

6200

30

Жетектөөчү адис

5600

31

Адис

5200


3-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын
ӨЛЧӨМДӨРҮ

Кызматтардын аталышы

Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү (сом)

1. Суу чарба бассейни башкармалыгынын администрациялык-башкаруу персоналы

1

Начальник

10000

2

Башкы инженер, гидрогеолог

9500

3

Начальниктин орун басары

8700

4

Башкы бухгалтер

8500

5

Башкы бухгалтердин орун басары

8000

6

Бөлүмдүн начальниги

8500

7

Бөлүмдүн начальнигинин орун басары

8000

8

Башкы адис, экономист, финансист

6200

9

Жетектөөчү адис, экономист, финансист

5800

10

Адис, экономист, финансист, бухгалтер

5500

11

Жетекчинин катчысы

4700

12

Лаборатория башчысы

5600

13

Чарба башчысы

5200

2. Суу чарба департаментинин райондук бөлүмдөрү

14

Начальник

8700

15

Башкы инженер

8000

16

Бөлүмдүн начальниги

7200

17

Бөлүмдүн начальнигинин орун басары

6600

18

Башкы бухгалтер

6600

19

Башкы адис, экономист, финансист

6000

20

Жетектөөчү адис, экономист, финансист

5600

21

Адис, экономист, финансист, бухгалтер

5300

3. Линиялык персонал

22

Начальник: участоктун, насостук станциянын

7200

23

Бөлүмдүн начальниги

6400

24

1-категориядагы инженер

6200

25

2-категориядагы инженер

5900

26

Инженер

5800

27

Диспетчер

5600

28

Техник

5400

4. Жумушчулар

29

Тракторист-машинист

5300

30

Уста, токарь, жыгач уста, электрик

5300

31

Электр-газ-ширеткич

5300

32

Электр моторист

5400

33

Радиомеханик, радиооператор

5300

34

Көмөкчү жумушчу

5200

35

Кароолчу

5100

36

Гидротехникалык курулмаларды кароочу

5400


4-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын
ӨЛЧӨМДӨРҮ

Кызматтардын аталышы

Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү (сом)

1. "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту (башкы офиси)

1

Директор

13500

2

Директордун биринчи орун басары

12000

3

Башкы инженер

11000

4

Директордун орун басары - бөлүмдүн начальниги

10500

5

Башкы бухгалтер

7800

6

Бөлүмдүн начальниги

7800

7

Бөлүмдүн начальнигинин орун басары

7000

8

Сектордун, топтун, лабораториянын башчысы

6500

9

Өндүрүш боюнча башкы экономист

6200

10

Башкы адис

6000

11

Жетектөөчү адис

5700

12

Адис

5500

13

Инженер

5000

14

Техник

5000

15

Кампа башчысы

4800

16

Иш кагаздарын жүргүзүүчү

5400

17

Китепканачы

4600

2. Республикалык кыртыш-агрохимия станциясы

18

Директор

8000

19

Башкы бухгалтер

5800

20

Бөлүм начальниги

6200

21

Сектордун, топтун, лабораториянын башчысы

5800

22

Башкы адис

5600

23

Жетектөөчү адис

5400

24

Адис

5200

25

Улук аналитик

5200

26

Инженер

5200

27

Аналитик

5100

28

Техник

5000

29

Чарба башчысы

4500

30

Иш кагаздарын жүргүзүүчү

5000

3. Ведомстволук аймактык ишканалар, экспедициялар

31

Директор

7800

32

Начальник

7500

33

Өндүрүш бөлүмүнүн начальниги

6000

34

Бухгалтер

5800

35

Сектордун, топтун, лабораториянын башчысы

5500

36

Башкы адис

5300

37

Жетектөөчү адис

5200

38

Адис

5100

39

Инженер

5100

40

Техник

4800

41

Телефонист-байланышчы

4700


5-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын (Мамкартография) кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын
ӨЛЧӨМДӨРҮ

Кызматтардын аталышы

Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү (сом)

1. Мамлекеттик картография-геодезия кызматы (Мамкартография)

1

Директор

14000

2

Директордун орун басары

12000

3

Директордун талаа маселелери боюнча орун басары - экспедициянын начальниги

12000

4

Директордун жардамчысы

7500

2. Камералык өндүрүш

5

Башкы инженер

11000

6

Башкармалыктын начальниги

10500

7

Карталардын башкы редактору

7800

8

Башкы бухгалтер

7800

9

Башкы бухгалтердин орун басары

6500

10

Бөлүмдүн начальниги

7800

11

Бөлүмдүн начальнигинин орун басары

6500

12

Топтун, лабораториянын, фонддун, сектордун, штабдын начальниги (башчысы)

6500

13

Жетектөөчү бухгалтер

5700

14

Бухгалтер

Тиркемелер

Басып чыгаруу