КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-апрелиндеги №180 токтому

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин (мындан ары – Агенттик) мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү 1-тиркемеге ылайык;

- Агенттиктин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерине карата квалификациялык талаптар 2-тиркемеге ылайык;

- Агенттиктин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлеринин иш стажын белгилөө жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;

- Агенттиктин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлеринин иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк 4-тиркемеге ылайык.

2. Агенттиктин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерине төмөнкүдөй бекитилсин:

- кызматтык маянасынын 50 пайызга чейинки өлчөмүндө өзгөчө маанилүү иштерди аткаргандыгы үчүн үстөк;

- эмгек өргүүсүнө чыккан учурда ден соолугун чыңдоого эмгек акынын эки айлык фонду өлчөмүндө жөлөкпул;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу жана алыскы жерлердеги иши үчүн райондук коэффициент төлөнө тургандыгы белгиленсин.

3. Агенттиктин директоруна төмөнкүдөй укук берилсин:

- өзгөчө маанилүү иштерди аткаргандыгы үчүн Агенттиктин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерине кызматтык маянасынын 50 пайызга чейинки өлчөмүндө үстөк белгилөө;

- Агенттиктин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгегинин жогору жана сапаттуу натыйжалары, кесиптик жана чыгармачыл демилгеси үчүн жылдын жыйынтыгы боюнча эмгек акы төлөө фондунун үнөмдөлгөн каражаттарын стимулдаштыруучу төлөөлөргө жумшоо.

Мында стимулдаштырууга төлөөлөрдүн өлчөмү Агенттиктин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлеринин эки орточо айлык акысынан ашпоого тийиш.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-сентябрындагы № 457 “Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жумушчуларынын эмгегине акы төлөө боюнча кошумча чаралар жөнүндө” токтомунун колдонулушу 2015-жылдын 1-майынан тартып Агенттиктин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерине жайылтылбай тургандыгы белгиленсин.

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө ушул токтомдон келип чыккан чыгымдарды эсепке алсын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 “Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттун бешинчи абзацындагы “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология агенттигинин кызматкерлеринин, ошондой эле” деген сөздөр алып салынсын;

- 2-пункттун үчүнчү абзацындагы “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология агенттигинин кызматкерлерине,” деген сөздөр алып салынсын.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-июлундагы № 502 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин эмгек акысын тартипке келтирүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

8. Ушул токтом 2015-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.

9. Ушул токтом расмий жалпы маалымат каражаттарында жарыялансын.

Премьер-министр          Дж.К.Оторбаев

 Тиркеме