КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-апрелиндеги №175 токтому

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 319 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”  токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жөнүндө жободо:

- 7-пунктунун в) пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

 “- Бажы союзунун комиссиясынын 2010-жылдын 28-майындагы № 299 чечими менен бекитилген Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө (контролго) алынууга тиешелүү товарларга карата бирдиктүү санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык талаптарына же Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына продукциялардын жана заттардын ылайыктуулугу жөнүндө мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктү берүү менен мамлекеттик каттоо жүргүзүлөт;”.

2.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын                                 2-октябрьндагы № 568 “Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу орган жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- 3-пунктта:

төртүнчү абзацындагы “он экинчи” деген сөздөр “он биринчи” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 5-пунктундагы “күчүнө кирет” деген сөздөрдөн мурда “24 ай өткөндөн кийин” деген цифралар жана сөздөр менен толукталсын.

3.  “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-юнундагы № 329 “Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары менен мекемелеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүсү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-октябрындагы № 569 токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- 3-пунктундагы “күчүнө кирет” деген сөздөрдөн мурда “24  ай өткөндөн кийин” деген цифралар жана сөздөр менен толукталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын                      7-октябрындагы № 580 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдарды, унаа каражаттарын, товарларды жана жүктөрдү санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн (контролдоонун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- 4-пунктундагы  “күчүнө кирет”   деген сөздөрдөн мурда  “24  ай өткөндөн кийин”  деген цифралар жана сөздөр менен толукталсын.

5. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын                  19-ноябрындагы № 556 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрындагы № 581 токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- 3-пунктундагы  “күчүнө кирет” деген сөздөрдөн мурда  “24  ай өткөндөн кийин” деген цифралар жана сөздөр менен толукталсын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-апрелиндеги № 206  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүдө Кыргыз Республикасына ташып келинүүчү фитосанитардык контролдоого жана санитардык-эпидемиологиялык контролдоого тийиш болгон товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

7. Ушул токтом 1 жана 6-пункттарды кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет:

- 1-пункту 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн 24  ай өткөндөн кийин күчүнө кирет;

- 6-пункту 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу эл аралык келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр                                                        Дж.К. Оторбаев 



Тиркемелер

Басып чыгаруу