КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-мартындагы №87 токтому

2015-жылга Кыргыз Республикасынын бюджеттик уюмдары үчүн электр, жылуулук энергиясын, жаратылыш газын, сууну керектөөнүн жана агынды сууларды чыгаруунун лимитин бекитүү жөнүндө 

Электр жана жылуулук энергиясын, жаратылыш газын керектөөнүн негизсиз өсүшүнө жол бербөө, бюджеттик мекемелерге жана уюмдарга электр жана жылуулук энергиясына, жаратылыш газына, сууга акы төлөөгө бөлүнүүчү бюджеттик каражаттарды үнөмдүү жана сарамжалдуу пайдалануу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1.   Кызмат көрсөтүүнүн ушул түрлөрү боюнча жабдуучулар менен контракттарды түзгөн бюджеттик уюмдар үчүн 2015-жылга электр, жылуулук энергиясын, жаратылыш газын, сууну керектөөнүн жана агынды сууларды чыгаруунун лимити тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.   Мамлекеттик органдар бир жумалык мөөнөттө:

-     ушул токтом менен белгиленген электр, жылуулук энергиясын, жаратылыш газын, сууну керектөөнүн жана агынды сууларды чыгаруунун жылдык лимитин ведомстволук бөлүмдөр боюнча бөлүштүрүшсүн;

-     электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөөнүн лимитин белгиленген тартипте ведомстволук мекемелерге кабарлашсын;

-     белгиленген лимитти көргөзүү менен ведомстволук мекемелердин толук тизмегин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана тиешелүү электр, жылуулук, газ менен камсыз кылуу ишканаларына, ошондой эле “Бишкек суу каналы” өндүрүштүк-эксплуатациялык ишканасына беришсин.

3.   Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ушул токтомдун 2-пунктунда аныкталган мөөнөттө жана тартипте электр, жылуулук энергиясын, жаратылыш газын, сууну керектөөнүн жана агынды сууларды чыгаруунун лимитин бөлүштүрсүн жана жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик уюмдарга кабарлашсын.

4.   Бюджеттик уюмдар:

-     электр жана жылуулук энергиясын жана газды, сууну керектөөнүн жана агынды сууларды чыгаруунун белгиленген лимитин милдеттүү түрдө сакташсын;

-     бюджеттик эмес керектөөчүлөрдүн энергия тутумуна кошулуу жана бюджеттик эмес уюмдардын жылуулук жана электр энергиясы боюнча чыгымдарын бюджеттик каражаттардын эсебинен жоюу фактыларына жол беришпесин.

5.   Ушул токтомдун 2, 3 жана 4-пункттарында каралган ченемдерди бузуулар үчүн тийиштүү органдардын жана уюмдардын жетекчилери жеке жоопкерчилик тарта тургандыгы белгиленсин.

6.   Бюджеттик уюмдарды электр, жылуулук энергиясы, жаратылыш газы жана суу менен жабдууну камсыз кылуучу электр, жылуулук, газ менен жабдуучу ишканаларга, “Бишкек суу каналы” өндүрүштүк-эксплуатациялык ишканасына төмөнкүлөр сунушталсын:

-     министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана башка мамлекеттик органдар тарабынан берилген ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн, уюмдардын жана мекемелердин тизмектеринин негизинде электр, жылуулук энергиясынын, газдын, суунун иш жүзүндө керектелүүсү жөнүндө отчетторду түзүү үчүн ведомстволук таандыктыгына ылайык бюджеттик керектөөчүлөрдүн тизмесин белгиленген тартипте жаңылоо;

-     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен бирдикте белгиленген лимиттен ашып кеткен учурда электр, жылуулук, газ, суу менен жабдууда чектөөлөрдү киргизүү.

7.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 289 “2013-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын бюджеттик уюмдары үчүн электр, жылуулук энергиясын, жаратылыш газын, сууну керектөөнүн жана агынды сууларды чыгаруунун лимитин бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

8.   Ушул токтом 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

9.   Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

10. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр                                                   Дж.К.Оторбаев  


Тиркемелер

Басып чыгаруу