Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 853 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө маселени жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 853 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө жободо:
- бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Премьер-министринин Аппараты" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Өкмөтүнүн Аппараты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө маселени кароо үчүн документтердин тизмеги төмөнкүлөрдү камтыйт:
- ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин жана фонддордун, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жамааттарын сыйлоо жөнүндө өтүнүч катты;
- сыйлануучу адамга сунуштама, анын эмгек китепчесинин, паспортунун көчүрмөсүн;
- чогулуштардын протоколдорун, коллегиалдуу органдардын сыйлоого көрсөтүү жөнүндө чечимин (коллегиялуу орган жок болсо - жетекчинин чечими);
- ушул Жобонун тиркемесинде белгиленген форма боюнча сыйлоо баракчасын.";
- 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Ушул Жобонун 6-пунктунда аталган документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) тарабынан каралат.
Комиссия киргизилген документтерди карап, оң чечим берген учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн мамлекеттик кызмат жана кадрлар сектору буйруктун долбоорун даярдайт жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кароосуна киргизет.
Комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоодон баш тарткан учурда сыйлыкка кайталап көрсөтүү баш тартылган күндөн бир жыл өткөндөн кийин гана киргизилиши мүмкүн.
Комиссиянын жеке курамы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет. Комиссиянын ишин уюштуруучулук камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрлар бөлүмүнүн мамлекеттик кызмат жана кадрлар сектору тарабынан ишке ашырылат.";
- 13-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын мамлекеттик саясат жана региондук өнүктүрүү башкармалыгы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн мамлекеттик кызмат жана кадрлар сектору" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 20-мартында N 23 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | Дж.Оторбаев |
Тиркеме
Сыйлыкка көрсөтүү барагы
____________________________________________________
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыгынын түрү)
1. Аты-жөнү ________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________
2. Кызматы, иштеген орду ____________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
(уюмдун, мекеменин аталышы)
3. Жынысы _____________________ 4. Туулган датасы ____________________ (күнү, айы, жылы)
5. Туулган жери _____________________________________________________________________
(облус, шаар, район, айыл)
6. Билими __________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
(билими боюнча адистиги, окуу жайынын аталышы, аяктаган жылы)
7. Окумуштуулук даражасы, окумуштуулук наамы ________________________________________
___________________________________________________________________________________
8. Кандай мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган жана сыйланган датасы
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
9. Үйүнүн дареги: ____________________________________________________________________
10. Жалпы иш стажы ___________________ Тармактагы иш стажы __________________________
Бул жамааттагы иш стажы ____________________________________________________________
11. Эмгек иши (жогорку жана атайын орто окуу жайларындагы окуусун, аскер кызматын кошкондо)
Айы жана жылы | Уюмду көрсөтүү менен кызмат орду | Уюмдун турган орду | |
киргени | кеткени | ||
1-11-пункттардагы аталган маалымат эмгек китепчедеги маалыматка ылайык келет.
___________________________________________ | ____________ | ___________________ |
(кадрдык бөлүнүштөгү кызматкердин кызматы) | (колу) | (аты-жөнү) |
М.О.
12. Сыйлыкка сунушталган адамдын конкреттүү салымдарын көрсөтүү менен мүнөздөмө
_______________________________________________________________________ талапкерлиги
___________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
___________________________________________________________________________________
(уюмдун аталышы)
________________________________________________________________________ сунушталды.
(талкуулоо датасы, протоколдун № _________)
Жетекчи | Жамааттык органдын төрагасы |
______________________________________ | _____________________________________ |
(колу) | (колу) |
М.О. | М.О. |
______________________________________ | _____________________________________ |
(аты-жөнү) | (аты-жөнү) |
_____________________________________________________________________________ | |
(мамлекеттик органдын жетекчиси) | |
______________________________________ | _____________________________________ |
(колу) | (аты-жөнү) |
М.О.
_____-жылдын "___" _________________