КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-январындагы № 30 токтому

Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын-райондордун акимдеринин ишин баалоо жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун системалуу баалоо жана жоопкерчилигин жогорулатуу, мамлекеттик органдардын ишин акыркы жыйынтыктарга жетишүүгө багыттоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын-райондордун акимдеринин ишин баалоо методикасы (мындан ары - Методика) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары - райондордун акимдери (мындан ары – жетекчилер) жыл сайын, 16-февралга чейин  алардын отчеттук жылдагы ишин баалоонун индикаторлоруна жетишүүнүн пландык көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине отчеттук мезгилдер (жарым жылдык) боюнча беришет;

- Методикага ылайык отчеттук мезгилде жетекчилердин ишин баалоонун индикаторлоруна жетишүүнүн иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматты даярдоого жооптуу болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 10-күнүнө чейинки мөөнөттө жиберишет;

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:

жетекчилердин ишин баалоонун индикаторлоруна жетишүүнүн пландык көрсөткүчтөрүн бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун ар жыл сайын, 30-мартка чейинки мөөнөттө, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет;

отчеттук мезгилде жетекчилердин бардык категориялары боюнча жыйынтыктарды классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн жетекчилердин ишин баалоонун индикаторлоруна жетишүүнүн натыйжалары жана көрсөткүчтөрү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына отчеттук мезгилден кийинки үчүнчү айдын 10-күнүнө чейинки мөөнөттө берет;

Методиканы иш жүзүндө колдонуу боюнча нускамалык материалдарды иштеп чыгат жана бекитет;

Методиканы иш жүзүндө колдонууда жетекчилерге көмөк көрсөтөт.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ушул токтомдун 2-пунктунун үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар тарабынан отчеттук мезгилде жетекчилердин ишин баалоонун индикаторлоруна жетишүүнүн иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматты берүүнүн формаларын эки айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын аткаруу бийлигинин тийиштүү мамлекеттик органдарын тейлеген түзүмдүк бөлүнүштөрүнө жүктөлсүн. 

Премьер-министр                                            Дж.К.Оторбаев

Тиркеме