Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө
Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык кызмат көрсөтүү тутумун оптималдаштыруу, алардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри (мындан ары – Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестри) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги эки айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин:
- Муниципалдык кызматтардын базалык реестрине киргизилген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын долбоору;
- Муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн типтүү административдик регламентинин долбоору.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул токтомдун 1-пунктунда бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин 2015-жылдын 1-июлунан тартып жетекчиликке алышсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеги бекитилгенге чейин учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан акы төлөп көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтерин макулдашсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Дж.К.Оторбаев
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри
№ | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Муниципал-дык кызмат көрсөтүүнү стандартташ-тырууга жооптуу ыйгарым укуктуу орган | Кызматтарды көрсөтүүчү муниципалдык мекемелер | Муниципал-дык кызматты көрсөтүүнүн шарттары (акы төлөнүүчү/ акысыз) |
| ||||
1 | Юридикалык жана жеке жактардын сунушу боюнча калктуу пункттагы географиялык объектилердин аталышы, аталышын өзгөртүү | Этностор агенттиги | ЖӨБдүн өкүлчүлүктүү органдары | Акысыз |
| ||||
2 | Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон жарандардын эсебин алуу | Этностор агенттиги | ЖӨБдүн аткаруучу органдары | Акысыз |
3 | Кыргыз Республикасынын жарандарына муниципалдык менчикте турган турак жайды жеке менчикке берүү | Этностор агенттиги | ЖӨБдүн аткаруучу органдары | Акысыз |
4 | Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган турак жайды мөөнөттүү пайдаланууга берүү | Этностор агенттиги | ЖӨБдүн аткаруучу органдары | Акысыз |
5 | Жарандарды жеке турак жай курулушу үчүн жер участогуна муктаж катары кезекке коюу | Этностор агенттиги | ЖӨБдүн аткаруучу органдары | Акысыз |
6 | Жеке турак жай курулушу үчүн жер участогун берүү | Этностор агенттиги | ЖӨБдүн аткаруучу органдары | Акысыз |
7 | Жарандарга жанаша жайгашкан жер участогуна пайдалануу же менчик укугун берүү | Этностор агенттиги | ЖӨБдүн аткаруучу органдары | Акысыз |
8 | Юридикалык жана жеке жактарга муниципалдык менчикте турган жер участокторун ижарага же менчикке берүү | Этностор агенттиги | ЖӨБдүн аткаруучу органдары | Акысыз |
9 | Юридикалык жана жеке жактарга муниципалдык менчикте турган турак жайга кирбеген жайларды жана кыймылсыз мүлк объектилерин менчиктештирүү жолу менен менчикке берүү | Этностор агенттиги | ЖӨБдүн аткаруучу органдары | Акысыз |
10 | Юридикалык жана жеке жактардын суроо-талабы боюнча муниципалдык менчикте турган турак жайга кирбеген жайларды жана кыймылсыз мүлк объектилерин пайдаланууга же ижарага берүү | Этностор агенттиги | ЖӨБдүн аткаруучу органдары | Акы төлөнүүчү |
11 | Көрүстөндөрдөн сөөк коюу үчүн орун берүү | Этностор агенттиги | ЖӨБдүн аткаруучу органдары | Акысыз |
| ||||
12 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан уюштурулган китепканалар-дын фонддорунда турган басылмаларды жана документтерди убактылуу колдонууга берүү | ММТМ | ЖӨБдүн аткаруучу органдары | Акысыз |