Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302 “Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Билим берүүгө чыгымдарды каржылоону тартипке салуу максатында, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине жана “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302 “Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 6-пункттун алтынчы абзацындагы “2014-жылы” деген цифралар жана сөздөр “2018-жылга чейин” деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын.
2. Ушул токтом 2015-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
3. Ушул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министр Дж.К.Оторбаев