КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-декабрындагы № 757 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 «Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү туралуу

Кыргыз Республикасында телеберүүнүн айрым маселелерин чечүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын

2-ноябрындагы № 692 «Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

« - 2012-жылдын 1-сентябрынан тартып аналогдук телекөрсөтүү бергичтеринин радиоэлектрондук каражаттарын пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууларды берүүнү токтотсун, буга аталган мөөнөткө чейин берилген тиешелүү уруксаттары бар субъекттер кирбейт.»

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр               Дж.К.Оторбаев

Тиркемелер

Басып чыгаруу