Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашын өнүктүрүүнүн негизги багыттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарындагы мектеп тамак-ашын уюштурууну жакшыртуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашын өнүктүрүүнүн негизги багыттары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу максатында тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Дж.К.Оторбаев