Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11- январындагы № 21 “2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-январындагы № 21 “2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планында:
- 26-пунктта:
- “Өкмөттүн Аппаратына киргизүү мөөнөтү” деген графадагы “II” цифралары “IV” деген цифраларга алмаштырылсын;
- “Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү жана жактыруу жөнүндө Өкмөттүн токтомун кабыл алуунун мөөнөтү” деген графадагы “III” цифралары “IV” деген цифраларга алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Дж.К.Оторбаев