КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы №726 токтому

“Радиациялык коопсуздук жөнүндө” техникалык регламент тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кайра сурап алуу тууралуу

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июлундагы № 509 “Радиациялык коопсуздук жөнүндө” техникалык регламент тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу тууралуу” токтому менен жактырылган, “Радиациялык коопсуздук жөнүндө” техникалык регламент тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кайра сурап алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июлундагы № 509 “Радиациялык коопсуздук жөнүндө” техникалык регламент тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу тууралуу”  токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                     Дж.К. Оторбаев

Тиркемелер

Басып чыгаруу