Дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө
Дем алыш жана жумушчу эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2015-жылдын 10-январындагы, 21-февралындагы жана 23-мартындагы дем алыш күндөрү тиешелүү түрдө 2015-жылдын 2, 5 жана 6-январындагы жумуш күндөрүнө которулсун.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр Дж.К.Оторбаев