КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-декабрындагы №719 токтому

Тамекинин зыяны жөнүндө  тамеки буюмдарынын кутуларына жана таңгактарына жайгаштыруу үчүн багытталган иллюстрацияланган медициналык эскертүүлөрдүн тизмегин бекитүү тууралуу    

“Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесин, “Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 2003-жылдын 21-майындагы тамекиге каршы Алкактык конвенциясын ратификациялоо жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен  ратификацияланган Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тамекиге каршы күрөш жөнүндө Алкактык конвенциясынын 11-беренесин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тамекинин зыяны жөнүндө тамеки буюмдарынын кутуларына жана таңгактарына  жайгаштыруу үчүн багытталган иллюстрацияланган медициналык эскертүүлөрдүн тизмеги тиркемеге ылайык  бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен бирге 2015-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте киргизсин.

3. Ушул токтом 2016-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирүүчү ушул токтомдун 1-пунктунан тышкары, 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

4. Ушул токтом расмий жалпыга маалымдоо  каражаттарына жарыяланууга тийиш.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.  

Премьер-министр                                                    Дж.К.Оторбаев

Тиркеме