КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 716 токтому

Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкерлердин кадрлык резервин түзүүнүн жана пайдалануунун жаңы принциптери жөнүндө

Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкерлерди тандоо жана көрсөтүү боюнча жол-жоболордун натыйжалуулугун жана ачык-айкындыгын жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкерлердин кадрлык резервин түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкерлердин кадрлык резерви жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун (мындан ары коомдор) директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкерлер Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкерлердин кадрлык резервин түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын сунуштоосу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду тарабынан көрсөтүлөт, мында Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин тизмегине киргизилген коомдор үчүн мындай талапкерлер Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен макулдашылат;

- коомдун коллегиялык жеке башкаруучу аткаруу органынын кызмат ордуна же коллегиялуу аткаруучу органынын мүчөлүгүнө шайлоо үчүн талапкерлерди коомдордун директорлор кеңештеринин мүчөлөрү же ишин директорлор кеңешин түзбөй жүргүзгөн коомдун акционерлери, коомдун кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен, же коомдун ички документтеринде каралган тартипте ачык эл аралык конкурстун жыйынтыгы боюнча көрсөтүшөт, мында Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин тизмегине киргизилген коомдор үчүн мындай талапкерлер Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен макулдашылат;

- коомдордун ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн кызмат орундарына шайлоо үчүн талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд чарбакер коомдордун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкерлердин кадрлык резервин түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын сунушу боюнча көрсөтөт;

- коомдордун катчыларын директорлор кеңеши кадрлар резервине киргизилген адамдардын ичинен тандайт жана шайлайт, ал эми директорлор кеңеши жок учурда - коомдун акционерлеринин жалпы чогулушу тарабынан тандалат жана шайланат;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд коомдордун директорлор кеңештеринин жана ревизиялык комиссияларынын мүчөсү катары ыйгарым укуктары ишенимин жоготконуна же кадыр-баркты кетирүүчү башка негиздерге байланыштуу токтотулган адамдардын эсебин алат жана андай адамдардын өз убагында аныкталышы жана кадрлар резервине киргизилбеши үчүн жоопкерчиликте болот.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:

- директорлор кеңештерине бул коомдордо коомдун жетекчилери жана/же аткаруу органдарынын мүчөлөрү үчүн кадрлар резервин түзүү жөнүндө сунуштарды киргизсин;

- коомдордун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкерлердин кадрлык резервин түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйындарына жалпыга маалымдоо каражаттарынын күлдөрүнүн катышуусун камсыздасын.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:

- ушул токтом күчүнө кирген учурдан баштап эки айлык мөөнөттө чарбакер коомдордун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкерлердин кадрлык резервин түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамын түзсүн жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө берсин;

- кийин, зарыл болсо чарбакер коомдордун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкерлердин кадрлык резервин түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамынын жаңыланышын белгиленген тартипте камсыз кылсын.

5. Кыргыз Республикасынын тийиштүү министрликтери жана ведомстволору ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө өздөрүнүн актыларын ушул токтомго ылайык келтиришсин.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-июлундагы № 513 "Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдорду башкаруунун системасынын натыйжалуулугун көтөрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун биринчи жана үчүнчү абзацтары, 3-пунктунун биринчи жана экинчи абзацтары, 4 жана 5-пункттары, 6-пунктунун үчүнчү-бешинчи пункттары, 7-пунктунун экинчи абзацынын биринчи сүйлөмү, 11-пунктунун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

7. Ушул токтом 2015-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.

8. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.


Кыргыз Республикасынын Премьер-министри


Дж.Оторбаев


Тиркемелер

Басып чыгаруу