Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын энергетика тармагынын туруктуу өнүгүүсүн, стабилдүү жана ишенимдүү иштешин камсыздоо, Кыргыз Республикасынын электр энергиясынын тартыштыгын жабуу жана энергетикалык коопсуздугун камсыздоо максатында, “Энергетика жөнүндө”, “Электр энергетикасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү тарифтик саясаты бекитилсин:
- 2014-2017-жылдарга карата электр энергиясына, 1-тиркемеге ылайык;
- 2014-2017-жылдарга карата жылуулук энергиясына, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик акыркы керектөөчүлөр үчүн электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди белгиленген тартипте бекитсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги жана өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатты ишке ашыруу менен байланышкан калктын аз камсыз болгон катмарын социалдык коргоонун механизмдерин белгиленген тартипте иштеп чыгышсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 336 “2014-2017-жылдарга электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Дж.К. Оторбаев