КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-ноябрындагы № 658 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы № 145 Жарлыгына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 16 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жободо:

 - 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басарларынын, Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин (алардын орун басарларынын), Өкмөттүн Аппаратынын сектор башчыларынын, инспекторлорунун жана эксперттеринин кызмат орундары саясий мамлекеттик кызмат орундары болуп эсептелет.”;

- VI баптын аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

 “VI. Өкмөттүн Аппаратынын ишин уюштуруу”;

 - 23-пунктта:

төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

 “- Премьер-министрдин номенклатурасына кирген Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлерин кызмат орунга дайындоо жана кызмат орундан бошотуу боюнча Премьер-министрге сунуштарды киргизет;”;

 төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

 “- Премьер-министр тарабынан берилген ыйгарым укуктардын алкагында Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин, ошондой эле администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген кызматкерлерди кызмат орунга дайындайт жана кызмат орундан бошотот.”.

алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“- Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлерин сыйлайт жана тартиптик жазаларды берет, ошондой эле Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлерин, ошондой эле Өкмөттүн Аппаратынын милдеттерин аткарууга көмөк көрсөткөн жарандарды сыйлоо үчүн Өкмөттүн Аппаратынын ведомстволук сыйлыктарын белгиленген тартипте уюштурат;”;

- 25-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

 “Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн инспекторлору жана эксперттери Премьер-министр тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Премьер-министр Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн инспекторлорун жана эксперттерин дайындоо боюнча ыйгарым укуктарды Өкмөттүн Аппаратынын жетекчисине берүүгө укуктуу.”;

- төмөнкүдөй мазмундагы 261-пункт менен толукталсын:

“261. Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчыларынын орун басарларынын, сектор башчыларынын, инспекторлорунун жана эксперттеринин ыйгарым укуктары тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндөгү жоболор же түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси тарабынан аларга жүктөлгөн ыйгарым укуктар менен аныкталат.”.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрге жүктөлсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                     Дж.К. Оторбаев

Тиркемелер

Басып чыгаруу