Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 8-июлундагы № 519 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн запастагы офицерлерди даярдоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын студенттерин тандоо жана запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча аскердик даярдоодон өтүү үчүн аскердик факультеттерге жана кафедраларга киргизүү тартибинин маселелерин жөнгө салуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Билим берүү», «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 8-июлундагы № 519 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн запастагы офицерлерди даярдоо жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
« | 18 | Милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясы (контракттын негизинде окуу факультети) | Бишкек шаары | ». |
Тиркеме
Запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча окууга талапкерлерди тандоонун жана алуунун тартиби
1. Жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын студенттерин запастагы офицерлердин программасы боюнча аскердик даярдоо (мындан ары - аскердик даярдоо) Студенттери запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик факультеттеринде жана кафедраларында окууга укугу бар мамлекеттик жогорку окуу жайлардын тизмеси (мындан ары - Тизме) менен аныкталган жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын окуу пландарына өз алдынча окуу сабагы катары киргизилет жана 17-25 жаш курактагы эркек студенттер жана медициналык окуу жайларынын (аскердик-медициналык даярдоо) аял студенттери менен контракттык негизде өткөрүлөт.
2. Тапшырууга талапкерлер катары Тизме менен аныкталган жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын студенттери каралат.
3. Аскердик даярдоого өтүү үчүн (киргизүү жана окутуу) Тизме менен аныкталган жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын студенттери белгиленген тартипте кесиптик тандоодон өтүүгө милдеттүү.
4. Аскердик даярдоону окутуу үчүн талапкерлерди кесиптик тандоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) жыл сайын апрель айынан баштап өтүүчү алдын ала кесиптик тандоо, төмөнкү этаптардан турат:
- талапкер тарабынан аскердик даярдоо каралган жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмунун негизги окуу жери боюнча аскердик факультетинин деканынын атына (кафедрага) аты-жөнүн жана туулган датасын белгилөө менен эркин формада арыз жазуу;
- жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын аскердик даярдоо каралган факультеттеринин декандары (кафедралары) тарабынан тиешелүү талапкерлердин окууга тапшыруу жөнүндө арыздарын кароо, мында декандар төмөнкү учурларда оң чечим кабыл алышат:
а) студенттер Кыргыз Республикасынын жараны болсо;
б) студенттердин тартип бузуулары жок болсо;
в) студенттердин окуу сабактары боюнча карыздарынын жоктугу;
- жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын факультеттеринин (кафедраларынын) деканаттарынын окууга сунуш кылынган студенттердин күбөлөндүрүлгөн тизмесин жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын ректорлоруна бекитүүгө берүү;
- ректорлор тарабынан берилген тизмелерди жалпылоо жана жыл сайын (10-июлдан кечиктирбестен) аларды аскердик факультеттеринин жана кафедраларынын башчыларына жөнөтүү.
- ден соолугу боюнча талапкерлердин жарактуулугун аныктоо.
Жыл сайын окуу жылдын башында берилген тизмелерге ылайык талапкерлер аскердик факультеттерине жана кафедраларына жөнөтүлүп, ал жерден андан ары биринчи медициналык күбөлөндүрүү үчүн коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер бейтапканасына жиберилет. Медициналык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө бекитилген жана белгиленген тартипте макулдашылган баалардын прейскуранттарына ылайык жүргүзүлөт.
Жарактуу деп табылган учурда талапкерлерге аскер кызматына жарактуулугу жөнүндө медициналык маалымкат жана каттоо күбөлүгү тапшырылып, арыздарга тиркелет.
Эгерде талапкер ден соолугунун абалы боюнча жараксыз деп табылса, анда талапкер негизги кесиптик тандоого алынбайт.
2) жыл сайын сентябрда башталуучу талапкерлерди негизги кесиптик тандоо төмөнкү этаптардан турат:
- коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук актыларына ылайык талапкерлердин дене тарбия даярдыгын текшерүү.
Эгерде талапкер ден соолугунун абалы боюнча дене тарбия даярдыгынын деңгээлине туура келбей жараксыз деп табылса, анда талапкер аскердик факультетине же кафедрасына киргизилбейт;
- жалпы билим берүү сабактары боюнча тест өткөрүү.
Жалпы билим берүү сабактары боюнча тест талапкерлердин жалпы билим берүү даярдыгынын деңгээлин аныктоо максатында өткөрүлөт.
Тестти тапшыруу тартиби (критерийлер, тестирлөө сабактары, өткөрүү жери) коргоо жана билим берүү, илим маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу органдардын биргелешкен буйругу менен аныкталат.
Талапкер тесттен өтпөй калган учурда аскердик факультетине же кафедрасына киргизилбейт.
5. Негизги кесиптик тандоо аскердик даярдоо өткөрүлө турган жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмунун ректорунун буйругу менен түзүлгөн тандоо комиссиясы тарабынан коллегиялуу жүргүзүлөт.
Тандоо комиссиясынын курамына студенттери кесиптик тандоодон өтүүчү жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын профессордук-окутуучулук курамынын жана аскердик факультеттеринин жана кафедраларынын окутуучу курамынын өкүлдөрү кирет.
Тандоо комиссиясына төмөнкүлөр жүктөлөт:
- негизги кесиптик тандоонун иш-чараларын өткөрүүнүн шарттарын, убакытын жана жерин аныктоо;
- талапкерлердин дене тарбия даярдыгын текшерүү;
- жалпы билим берүү сабактары боюнча тест өткөрүү.
6. Аскердик даярдоого кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим тандоо комиссиясынын жыйынынын протоколу менен таризделет жана андан ары аскердик даярдоо жүргүзүлө турган жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмунун ректоратына тапшырылат жана тандоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн колдору менен күбөлөндүрүлөт.
Аскердик даярдоого кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө кабыл алынган чечимдер талапкерлерге деканат аркылуу жеткирилет.
7. Кесиптик тандоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча талапкерлердин даттанууларын жана арыздарын кароо аскердик даярдоо жүргүзүлө турган жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмунун ректорунун буйругу менен түзүлүүчү аппеляциялык комиссияга жүктөлөт.
Аппеляциялык комиссиянын курамына студенттери кесиптик тандоодон өтүп жаткан жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмунун кесиптик-окутуучулук курамынын, коргоо, билим берүү жана илим маселелерин тескеген мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрү кирет.
Талапкерлердин даттануулары жана арыздары тиешелүү даттануулар жана арыздар алынган учурдан тартып 5 күндүн ичинде аппеляциялык комиссия тарабынан каралат.
Аппеляциялык комиссиянын чечимдери протокол менен таризделет жана аппеляцияга берген талапкерлерге оозеки маалымдалат.
8. Кесиптик тандоону кайталап өтүүгө болбойт.
Ырааттамада белгиленген убакытта жүйөлүү себептерсиз кесиптик тандоого келбей койгон талапкерлер аскердик факультеттерге жана кафедраларга киргизилбейт.
9. Кесиптик тандоодон ийгиликтүү өткөн талапкерлердин тизмеси коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен контракт түзүп, аскердик даярдоого киргизүү жөнүндө буйрукка кошуу үчүн студенттер окуган жери боюнча жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын ректоратына тапшырылат.
_________________________________________