Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине дем берүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:
- төмөнкү мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
“31. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жыл ичинде эмгек акы төлөө фондунун үнөмдөлгөн каражаттарын кызматкерлерге ишинин сапаты жана натыйжасы үчүн дем берүүчү төлөөлөргө жумшоо укугу берилсин.
Аталган дем берүүчү төлөөлөр кызматкердин эки орточо айлык эмгек акысынан ашпаган өлчөмдө ишинин жарым жылдык жана жылдык жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөөрү белгиленсин.”.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:
- төмөнкү мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
“31. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жыл ичинде эмгек акы төлөө фондунун үнөмдөлгөн каражаттарын ишинин жогорку жана сапаттуу натыйжасы, чыгармачылык жана кесипкөй демилгеси үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга дем берүүчү төлөөлөргө жумшоо укугу берилсин.
Аталган дем берүүчү төлөөлөр мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин эки орточо айлык эмгек акысынан ашпаган өлчөмдө ишинин жарым жылдык жана жылдык жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөөрү белгиленсин.”.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-июлундагы № 286 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин иш-аракетин камсыз кылуунун айрым маселелери жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-сентябрындагы № 398 “Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ишмердигин камсыз кылуунун айрым маселелери жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-декабрындагы № 325 “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы Ресурстук макулдашуу жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-сентябрындагы № 610 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы ресурстук макулдашуу жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 459 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы Ресурстук макулдашуу жөнүндө” токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр Дж.К. Оторбаев