Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде 2014-жылга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине каралган каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү программасын ишке ашыруунун алкагында 100 (жүз) млн сом өлчөмүндөгү каражатты төмөнкү иш-чараларды өткөрүүгө жумшасын:
- 80 (сексен) млн сомду – Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетинде бир орунга 10 (он) млн сом эсебинде тиркемеге ылайык телекөрсөтүүчү уюмдарга;
- 11 (он бир) млн сомду – «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык улуттук аудиовизуалдык продукция өндүрүү үчүн тендер өткөрүү аркылуу мамлекеттик тапшырыкты жайгаштырууга;
- 9 (тогуз) млн сомду – «Кыргызтелеком» ачык акционердик коомунун Радиорелейлик магистралдарынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмесине байланыш линияларын курууга жана мамлекеттик жана коомдук телекөрсөтүү уюмдардын, ошондой эле мамлекеттин катышуусу бар телекөрсөтүүчү уюмдардын телекөрсөтүү сигналдарын мультиплексациялоо борборлоруна чейин берүүнү уюштуруу үчүн коммутациялык жабдууларды сатып алууга.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджеттен финансы каражаттарын өз убагында бөлүп берүүнү камсыз кылсын жана белгиленген тартипте «Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015 - 2016-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоорун даярдасын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер министр Дж.К. Оторбаев
Тиркеме
Коомдук маанилүү контент менен толтуруу үчүн Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетине кирген телеканалдардын
тизмеги
№ Социалдык пакеттин телеканалдарын ээлеген телерадиоуюмдары Социалдык пакеттин телеканалдарынын тематикалык багыты Бөлүнүүчү сумма,
млн. сом
1 Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК) Коомдук-маалыматтык 10
2 Кыргыз Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү – ЭлТР» телерадиоберүү компаниясы Коомдук-маалыматтык 10
3 Мамлекеттер аралык «МИР» телерадиокомпаниясынын Улуттук филиалы Коомдук-маалыматтык 10
4 «5-канал» жабык акционердик коому Коомдук-маалыматтык 10
5 Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК) Балдар-өспүрүмдөр телеканалы 10
6 Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК) Маданий-агартуу телеканалы 10
7 «Медиа-холдинг Пирамида» жоопкерчилиги чектелген коому Социалдык телеканал 10
8 Облустук телерадиокомпаниялар (Баткен облустук телерадиокомпаниясы;
Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясы;
Ысык-Көл облустук телерадиокомпаниясы;
Нарын облустук телерадиокомпаниясы;
Талас облустук телерадиокомпаниясы;
Чүй облустук “Сары-Өзөн” телерадиокомпаниясы;
“Ынтымак” коомдук региондук телерадиокомпаниясы)
Региондук коомдук-маалыматтык телеканал 10
Эскертүү:
Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетинде региондук берүүлөрдү өнүктүрүүгө бардык облустук телерадиоуюмдар үчүн бир орун бөлүнөт, алардын ар бири тиешелүү облустун аймагында берүүлөрдү жүргүзөт;
10 (он) млн сом облустук телерадиоуюмдардын ортосунда пропорционалдуу бөлүштүрүлөт.