Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын калкынын маалымат алуусун камсыздоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакети (мындан ары – Социалдык пакет) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджетти түзүү учурунда мамлекеттик жана коомдук телерадиоуюмдардын, ошондой эле мамлекеттин катышуусу бар телекөрсөтүү уюмдарынын телеканалдарынын социалдык пакетине киргизилген берүүлөрдү санариптик форматта трансляциялоо кызматына «Кыргызтелеком» ачык акционердик коомунун Радиорелейлик магистралдарынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмесинин бааларына ылайык акы төлөөгө жыл сайын финансылык каражат карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 349 «Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин түзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 5-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«Социалдык пакетке өзгөртүүлөр жана толуктоолор бекитилген Социалдык пакеттен бир же бир нече телеканалдарды жана/же радиоканалдарды мөөнөтүнөн мурда чыгаруу же Социалдык пакетти башка телеканалдар жана /же радиоканалдар менен толуктоо себептери боюнча гана киргизилиши мүмкүн.»;
- 9-пункту «жана/же радиоканалдарын» деген сөздөрдөн кийин «, конкурстук шарттарда киргизүүгө тийиштүү жеке менчик телекөрсөтүү жана радиоуюмдарын» деген сөздөр менен толукталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр Дж.К. Оторбаев
Тиркеме
Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакети
№ Социалдык пакеттин телеканалдарынын тематикалык багыты Социалдык пакеттин телеканалдарын ээлеген телерадиоуюмдар
1 Коомдук-маалыматтык телеканалдар (Социалдык пакеттин 4 телеканалы) Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК) Кыргыз Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү – ЭлТР» телерадиоберүү компаниясы «5-канал» жабык акционердик коому Мамлекеттер аралык «МИР» телерадио компаниясынын Улуттук филиалы
2 Балдар-өспүрүмдөр телеканалы (Социалдык пакеттин 1 телеканалы) Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК)
3 Маданий-агартуу телеканалы (Социалдык пакеттин 1 телеканалы) Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК)
4 Социалдык телеканал (Социалдык пакеттин 1 телеканалы) «Медиа-холдинг Пирамида» жоопкерчилиги чектелген коому
5 Региондук коомдук-маалыматтык телеканал (Социалдык пакеттин 1 телеканалы) Баткен облустук телерадиокомпаниясы Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясы Ысык-Көл облустук телерадиокомпаниясы Нарын облустук телерадиокомпаниясы Талас облустук телерадиокомпаниясы Чүй облустук «Сары-Өзөн» телерадиокомпаниясы Коомдук региондук «Ынтымак» телерадиокомпаниясы