Премьер-министрдин 2014-жылдын 13- октябрындагы № 437-буйругу

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик кызмат жөнүндө”, “Cаясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралу” мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн төмөнкү кызмат адамдарына тартиптик жазалар берилсин:

сөгүш:

- Халитов Михаил Гилфановичке, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басарына;

эскертүү:

- Базарбаев Кудайберген Базарбаевичке, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрине;

- Куйкеев Эрик Асановичке, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министринин орун басарына;

- Мотукеев Болот Джакинбаевичке, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басарына;

- Кенебаев Куанышбек Чекибаевичке, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басарына;

- Алымкулов Кубанычбек Нуркалиевичке, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басарына;

- Бекбулатова Толкун Мирзахановнага, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу соттук экспертизалардын мамлекеттик борборунун директоруна;

- Исаков Эркин Абдыкасыевичке, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директоруна;

- Осмоналиев Нуржан Асанбековичке, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттиги директоруна.

Негиз: Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2014-жылдын 22-августундагы № 11/3-11 сунуштамасы.

Премьер-министр          Дж.К. Оторбаев

Тиркемелер

Басып чыгаруу