Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июлундагы № 386 “ЭСК Банк” ачык акционердик коомунун уставдык капиталын көбөйтүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Республикалык бюджетке келтирилген оорчулукту жеңилдетүү жана дивиденддик саясатты натыйжалуу башкаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июлундагы № 386 “ЭСК Банк” ачык акционердик коомунун уставдык капиталын көбөйтүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 1-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 2-пунктта:
биринчи абзацтагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министрлиги” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- жыл сайын “ЭСК Банк” ачык акционердик коомунун таза пайдасынын 50 пайызы өзүнүн уставдык капиталын көбөйтүүгө жана таза пайдасынын 50 пайызы дивиденд катары Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине багытталсын.”;
- 3-пункттагы “кредиттик саясат” деген сөздөр “кредит саясаты” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- токтом төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
“4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана “ЭСК Банк” ачык акционердик коомун капиталдаштыруу аяктаганга чейин колдонулат.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр Дж.К. Оторбаев