Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө
Соода ишин өнүктүрүү максатында, “Кыргыз Республикасында ички соода жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын айрым түрлөрүнө соода жүргүзүүнүн эрежелери 1-тиркемеге ылайык;
- Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарды соодалоо эрежелери 2-тиркемеге ылайык;
- Баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды калктан сатып алуу пункттарынын ишинин эрежелери 3-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишиндеги атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы № 118 “Кыргыз Республикасынын аймагында соода жүргүзүү эрежелеринин жыйнагын бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июндагы № 312 “Жеке жана юридикалык жактар соода аянттарын пайдалангандыгы үчүн базар администрациясынын акы төлөнүүчү кызматтарды (жумуштарды) көрсөтүүсүнүн тарифтерин түзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июлундагы № 392 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө” токтомунун 3-пункту;
- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы № 118 “Кыргыз Республикасынын аймагында соода жүргүзүү эрежелеринин жыйнагын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-августундагы № 439 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 769 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” токтомунун 2-пункту; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июлундагы № 510 “Базарларда ишкердик иш жүргүзгөн жарандардан камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун 1-пункту;
- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы № 118 “Кыргыз Республикасынын аймагында соода жүргүзүү эрежелеринин жыйнагын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 633” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-январындагы № 50 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Дж.К. Оторбаев