КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрындагы № 576 токтому

14-июлундагы № 531 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө санаториялык-курорттук камсыздоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн санаториялык-курорттук камсыздоону жакшыртуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-июлундагы № 531 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө санаториялык-курорттук камсыздоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө санаториялык-курорттук камсыздоо жөнүндө жободо:

1.3 жана 1.4-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“1.3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик санаторияларына, турбазасына жана пансионатына (мындан ары - аскердик санатория, турбаза, пансионат) жеңилдетилген шарттарда, жылына бир жолудан көп эмес 12 күнгө, медициналык көрсөткүчтөрүнүн негизинде жана карама-каршы көрсөткүчтөрү жок болгон учурда төмөнкүлөр жиберилет:

а) аскер кызматчылары (мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынан тышкары), жолдомонун баасынын 25 пайызын төлөө менен;

б) аскердик кызматтан бошотулган (дискредитациялык негиздер боюнча бошотулгандардан тышкары), иштеген жылдары 20 жана андан ашык календардык жылды түзгөн аскер кызматчылары, ошондой эле аскердик милдеттерин аткарууда алган жарааттын (контузиянын), жаракаттын же жабыркоонун кесепетинен майып болуп калган же болбосо аскер кызматында иштөөсү менен байланыштуу ооруп калган кызматтан бошотулган аскер кызматчылары кызмат өтөгөн жылдарына карабастан, жолдомонун наркынын 50 пайызын төлөө менен;

в) “а” пунктчасында саналган адамдардын үй-бүлө мүчөлөрү жолдомонун наркынын 50 пайызын, “б” пунктчасында саналган адамдардын үй-бүлө мүчөлөрү -75 пайызын төлөө менен.

1.4. Кыргыз Республикасынын, КМШга катышуучу өлкөлөрдүн жана чет мамлекеттердин жарандары Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги аныктаган жолдомолордун бааларынын прейскуранты боюнча жалпы негиздерде аскердик санаторияда, турбазада жана пансионатта санаториялык-курорттук дарылана алат”;

2.1 жана 2.2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“2.1. Санаториялык-курорттук дарыланууга же уюштурулган эс алууга муктаж аскер кызматчыларын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн тандоо бирикмелердин, бөлүктөрдүн жана мекемелердин же гарнизондордун санаториялык-тандоо комиссиялары тарабынан жүргүзүлөт.

Аскер кызматынан бошотулган аскер кызматчыларын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн тандоо алардын жашаган жери боюнча саламаттык сактоонун дарылоо мекемелеринин корутундуларынын негизинде аскер комиссариаттарынын санаториялык-тандоо комиссиялары, ал эми Куралдуу Күчтөрдүн аскердик-дарылоо мекемелеринин медициналык тейлөөсүнө бекитилгендерди тандоо ушул мекемелердин санаториялык-тандоо комиссиялары тарабынан жүргүзүлөт. Аскер кызматчыларынын балдарын алдын-ала атайын медициналык текшерүү акыркы жашаган жери боюнча тиешелүү диспансерлерде, клиникаларда, балдардын жана башка дарылоо-алдын алуу мекемелеринде жүргүзүлүшү мүмкүн.

2.2. Санаториялык-тандоо комиссиясы (мындан ары - СТК) - тандоону, документалдык тариздөөнү жана адамдардын айрым категорияларын аскердик санаторияга, турбазага жана пансионатка санаториялык-курорттук дарылоого жиберүүнү камсыздаган штаттан тышкаркы орган.

СТК өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ушул Жобону, аскердик санаторияга, турбазага жана пансионатка оорулууларды жана эс алуучуларды жиберүү үчүн белгиленген медициналык көрсөткүчтөрдү жана карама-каршы көрсөткүчтөрдү жетекчиликке алат.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда жана башка аскердик түзүлүштөрдө СТК курамына милдеттүү түрдө аскердик-медициналык башкармалыктын (бөлүмдүн) өкүлү кирген, 3-5 адамдан турган ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын чечими менен түзүлөт.

СТКнын чечими аскердик санаторияга, турбазага жана пансионатка жолдомо берүү үчүн негиз болуп эсептелет. Күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктары жана комиссиянын чечимдери белгиленген формадагы протоколдор китебине жазылат.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бирикмелеринин, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин СТКсы (мындан ары - ББМ СТК) аскердик бөлүктөрдүн (мекемелердин) 3 кишиден кем эмес сандагы командирлеринин (начальниктеринин) жыл сайын чыгуучу буйруктары менен түзүлөт. ББМ СТКнын төрагасы болуп аскердик бөлүктүн (мекеменин) медициналык кызматынын начальниги, мүчөлөрү болуп - башка кызматтардын өкүлдөрү дайындалат.

ББМ СТКнын жыйынынын жыйынтыктары боюнча санаториялык-курорттук дарылоо үчүн тандалган адамдарга санаториялык жолдомолорду бөлүү үчүн билдирме таризделет.

Берилген билдирмелер Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин СТКда (мындан ары - КМ СТК) каралат, анда дарылоого билдирмелерди канааттандыруу же тиешелүү себептерин көрсөтүү менен дарылоого кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат. Кабыл алынган чечим жөнүндө ББМ СТКнын төрагасына баруу мөөнөтүнө чейин 1.5-2 ай мурда, ал эми баруу мөөнөтүн которуу жөнүндө - баруу мөөнөтүнө чейин эки жумадан кечиктирилбестен билдирилет.

Санаторияга биринчи кезекте ден соолугунун абалы боюнча майыптуулуктун III тобуна киргизилген аскер кызматчылары, ошондой эле ден соолугунун абалы боюнча майыптуулуктун II тобуна киргизилген жана иштери дайыма жагымсыз факторлордун таасири, аскердик эмгектин өзгөчө шарттары менен байланышкан аскер кызматчылары жиберилет.

Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары аскердик санаторияларга аларда госпиталдык дарылануудан кийин медициналык реабилитациялоо үчүн тикелей медициналык көрсөткүчтөр болгон учурда, госпиталдын аскердик-дарыгердик комиссиясынын чечими боюнча жиберилет.”;

3.2 - 3.5-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“3.2. Аскердик санаторияга, турбазага жана пансионатка жолдомолор ушул Жобонун 1.3-пунктунун “а”, “б”, “в” пунктчаларында саналган адамдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө жолдомонун наркын төлөө менен берилет.

Жолдомонун наркынын айырмасын төлөө эс алуучулар тарабынан түздөн-түз аскердик санаторияда, турбазада жана пансионатта жүргүзүлөт. Жолдомонун толук наркы төлөнгөн учурда, оорулууларга жана эс алуучуларга төлөнгөн сумманы көрсөтүү менен квитанция, маалымкат же жолдомонун көчүрмөсү берилет, алардын негизинде тиешелүү министрликтер жана административдик ведомстволор каралган жеңилдиктерди компенсациялашат.

Жолдомонун наркын толук төлөбөөнүн шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомстволордун ортосунда түзүлгөн келишимдердин негизинде белгиленет. Келишимдер ар бир жылдын 15-апрелине чейин макулдашылат жана түзүлөт.

3.3. Бир адамга же үй-бүлөгө аскер санаториясында, турбазада жана пансионатта жайлуу өзүнчө номер берилгендиги үчүн номердеги бардык орундарга баалардын прейскурантына ылайык акы алынат.

3.4. Аскердик санаторияда, турбазада жана пансионатта орун болгон учурда, аскердик санаторияда, турбазада жана пансионатта кыска мөөнөттүү дарыланууга (эс алууга) келген адамдарга аскердик санаториянын СТКсынын чечими менен жолдомолор берилет. Мында жолдомолор баалардын прейскурантына ылайык аскердик санаторияда, турбазада жана пансионатта иш жүзүндө болгон күндөрү үчүн төлөнөт.

3.5. Каржылоо булактары:

а) жолдомолордун наркынын жеңилдетилген бөлүгү эс алуучулар иштеген Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтеринин, мамлекеттик комитетинин жана административдик ведомстволорунун каражаттарынын эсебинен төлөнөт;

б) жолдомолордун наркынын жеңилдетилген бөлүгүнүн ордун толтурууга төмөнкү жолдор менен уруксат берилет:

- товардык-материалдык каражаттарды берүү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген өз ара эсептешүүнүн башка түрлөрүн пайдалануу, аларды эсептешүү шарттары жана тартиби өзүнчө келишимдер менен аныкталат.

Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети жана административдик ведомстволору кийинки финансылык жылга чыгымдардын сметасын пландоодо эс алуучулардын болжолдонгон санына жараша жолдомолордун наркынын жеңилдетилген бөлүгүнүн ордун толтурууга чыгымдарды караштырат.”;

4.2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“4.2. Бирикмелердин, бөлүктөрдүн жана мекемелердин медициналык кызматтарынын командирлери жана начальниктери Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик-медициналык башкармалыгына 25-апрелге карата белгиленген тартипте үстүдөгү жылга аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн санаториялык-курорттук дарылануусуна (эс алуусуна) план-билдирүүлөрдү беришет.”;

4.6-пункттагы “генералдар, офицерлер, прапорщиктер” деген сөздөр “аскер кызматчылары” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

5.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“5.1. Эс алуучуну аскердик санаторияга, турбазага жана пансионатка жайгаштыруу укугун берүүчү документ болуп СТК тарабынан толтурулган жана күбөлөндүрүлгөн жолдомо эсептелет.

Аскердик санаторияга, турбазага жана пансионатка келген адамдар жолдомо менен бирге төмөнкү документтерди көрсөтүшөт:

а) аскер кызматчылары - өздүк күбөлүгүн (аскердик билетти), госпиталдан которулган медициналык китепчесин, өргүү билетин ошондой эле оорунун тарыхынан көчүрмө бөлүгүн;

б) аскердик кызматтан бошотулган адамдар - паспортун, пенсиялык күбөлүгүн, медициналык китепчесин же санаториялык-курорттук картаны;

в) 5.1-пункттун “а” жана “б” пунктчаларында саналган адамдардын үй-бүлө мүчөлөрү - паспортун, (16 жашка чейинки балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүк), белгиленген форма боюнча берилген үй-бүлө курамы жөнүндө маалымкат жана санаториялык-курорттук картаны.

Эгерде үй-бүлө мүчөсү аскердик санаторияга, турбазага жана пансионатка үй-бүлө башчысы менен бирге келсе жана анын өргүү билетине, өздүк күбөлүгүнө (паспортуна) жазылса, анда туугандык мамилеси жөнүндөгү маалымкатты берүү талап кылынбайт. Бул учурда аскердик санаториянын, турбазанын жана пансионаттын кабыл алуу бөлүмүндө үй-бүлө мүчөсүнүн жолдомосуна өргүү билетинин номери же өздүк күбөлүгүнүн (паспортунун) сериясы жана номери, документ качан жана ким тарабынан берилгендиги жазылат;”;

6.1-пункттагы “20 күн” деген цифралар жана сөз “12 күн” деген цифралар жана сөз менен алмаштырылсын;

VI главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“VI. Аскердик санаторияга, турбазага жана пансионатка кабыл алуунун, чыгаруунун жана дарылоону (эс алууну) узартуунун тартиби”;

6.2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“6.2. Аскердик санаторияга, турбазага жана пансионатка ата-энелери коштоп келген 5 жашка чейинки балдар өзүнчө орун жана тамак берилбестен акысыз кабыл алынат.”;

6.3-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“Аскердик санаторияда болгон адамдын медициналык көрсөткүчтөрү боюнча дарылануу мөөнөтү узартылган учурда, анын өтүнүчү боюнча жолдомонун наркын толук төлөө менен, анын жубайынын аскердик санаторияда болуу (жолдомонун мөөнөтү бүткөндө) мөөнөтүн узартууга уруксат берилет.”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр         Дж.К. Оторбаев

Тиркемелер

Басып чыгаруу