Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдардын даректүүлүгүн күчөтүү жөнүндө
Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык коргоо системасынын таасирдүүлүгүн жогорулатуу максатында «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарды дайындоо үчүн кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү 2014-жылдын 1-ноябрынан тартып 705 сом суммасында белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдардын суммаларын бул токтомдун 1-пунктунда белгиленген кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүн эске алуу менен кайра эсептөөнү жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарды төлөөгө зарыл болгон финансы каражаттарын 2014-жылга карата бекитилген бюджеттин алкагында республикалык бюджеттен өз убагында каржылоону камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 824 «Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулун дайындоо үчүн үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген, Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөнүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулун дайындоо үчүн үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоонун тартиби жөнүндө жобонун 1 жана 2-тиркемелери ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 133 «Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоонун механизмин өркүндөтүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пункттагы «Жаратылыш ресурстар министрлиги» деген сөздөр «Айыл чарба жана мелиорация министрлиги» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пункттагы «1-майга чейин» деген цифра менен сөздөр алып салынсын;
- аталган токтом менен бекитилген, Жер үлүштөрүн жана үй жанындагы участкалардан пайдалануудан алынган кирешелердин нормативдерин аныктоонун методикасында:
2-пунктта:
- биринчи абзацтагы «Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигине» деген сөздөр «социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацтагы «Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу «Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин «Кыргызмамжердолбоорлоо» жер жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту» мамлекеттик ишканасы» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдардын даректүүлүгүн күчөтүү жөнүндө» 2013-жылдын 31-октябрындагы № 587 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-1-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 2-пункттун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын.
7. Бул токтом 2014-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет.
8. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Дж.К. Оторбаев