2014-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүн жогорулатуу жөнүндө
Пенсионерлердин турмуш деңгээлин мындан ары колдоону камсыз кылуу максатында, “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2014-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрү 2014-жылдын 1-октябрынан тартып 250 сомго жогорулатылсын.
2. 2014-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган 1-топтогу майыптардын майыптыгы боюнча пенсиялары мыйзамдарда белгиленген компенсациялык төлөөлөрдү жана үстөктөрдү эске алуу менен жогорулатылсын:
- 4400 сомго жетпеген пенсиялардын өлчөмү - 4400 сомго чейин, мында камсыздандыруу бөлүктөрүн көбөйтүү 300 сомдон кем болбошу керек;
- 4400 сомдон ашкан пенсиялардын өлчөмү - камсыздандыруу бөлүктөрүн 300 сомго көбөйтүү менен.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду пенсиялардын өз убагында кайра эсептелишин жана алардын жаңы өлчөмдөрдө төлөнүшүн камсыз кылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Дж.К. Оторбаев