Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын ишин өркүндөтүү жана оптималдаштыруу максатында, «Почта байланышы жөнүндө», «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин
87-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын уставы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бир айлык мөөнөттө:
- өз чечимдерин бул токтомго ылайык келтирсин;
- бул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Дж.К. Оторбаев