Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-майындагы № 250 “Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2014/2015-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2014/2015-жылдын күз-кыш мезгилинен чыгуусуна талаптагыдай даярдык көрүүнү камсыз кылуу максатында, Токтогул суу сактагычындагы суунун топтолушу менен байланышкан кырдаалды эсепке алуу менен, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-майындагы № 250 “Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2014/2015-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 11-пунктта:
тогузунчу абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“- Кыргыз Республикасында энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугу саясатын пландаштыруу боюнча программанын долбоорун иштеп чыксын жана 2014-жылдын 30-декабрына чейинки мөөнөттө аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;”;
төмөнкү мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
“- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен бирдикте 2014-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө электр отканаларынын жол берилген кубаттуулугун жана алардын иштөө режимин көрсөтүү менен 2014/2015-жылдын күз-кыш мезгилинде иштегенге уруксат берилген, отундун альтернативдүү түрлөрү менен жагууга мүмкүн болбогон электр отканаларынын тизмесин бекитсин.”;
- 14-пункт төмөнкү мазмундагы төртүнчү – жетинчи абзацтар менен толукталсын:
“- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте керектөөчүлөрдүн бардык категориялары тарабынан электр энергиясын керектөөнүн белгиленген режимдерин сактоо боюнча мониторинг жүргүзүү жана текшерүү;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан бекитилген тизмеге кирген электр отканаларынан тышкары керектөөчүлөрдүн бардык категорияларынын электр отканаларын өчүрүү жана пломбалоо боюнча иштерди аткаруу;
- сауналарда, мончолордо, кафелерде жана ресторандарда, курулуш объекттеринде, автомобиль жуучу жайларында жана техникалык тейлөө станцияларында жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу максатында пайдаланылган электр жылытуу жабдууларын жана түзүлүштөрүн өчүрүү;
- 2014/2015-жылдын күз-кыш мезгилинде электр энергиясын жарык берүү үчүн гана пайдалануу аркылуу курулуш объекттеринде электр энергиясын керектөөнү азайтууну камсыз кылуу.”;
- 4-14 жана 16-тиркемелер бул токтомдун 1-12-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Дж.К. Оторбаев