КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №534 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча андан аркы чаралар тууралуу 

Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 25-февралындагы № 31 Мыйзамы менен ратификацияланган, Бишкек шаарында 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелеринде көрсөтүлгөн жер участоктору “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү белгиленген тартипте жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камсыз кылсын.

3. “Электр станциялары” ачык акционердик коомуна андан ары “Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары” жабык акционердик коомунун уставдык капиталына салымдын бөлүгү катары киргизүү үчүн, ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Нарын облусунун Нарын районундагы жер участокторун Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын курууга пайдалануу укугу өткөрүлүп берилсин.

4. “Электр станциялары” ачык акционердик коому “Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары” жабык акционердик коомунун уставдык капиталына салымдын бөлүгү катары ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторун пайдалануу укугун киргизсин.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Нарын районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүшсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик:

- Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадынын объектилерин натуралай (жеринде) куруу үчүн бөлүнгөн жер участокторунун чектери белгиленгенге чейин Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялар каскадынын объектилерин куруу болжолдонгон зонада жер казыналарын пайдаланууга укук берүүнү “Жогорку Нарын гидроэлектростанциялары” жабык акционердик коомунан башкасына токтотуп турсун;

- “Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары” жабык акционердик коому менен долбоордун технико-экономикалык негиздемесинде жана долбоорлоо-сметалык документтеринде аныкталган жана ушул токтомдун 3-тиркемесинде көрсөтүлгөн Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадынын курулуш иштерин жүргүзүү мезгилинде жер казыналарын пайдалануу укугун берүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн.

7. Нарын районунун мамлекеттик администрациясы жана Нарын районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадынын объектилерин куруу болжолдонгон зонада жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө кайрылууларды кароону жогоруда аталган объектилерди натуралай (жеринде) куруу үчүн бөлүнгөн жер участокторунун чектери белгиленгенге чейин токтотуп турушсун.

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги “Жогорку Нарын гидроэлектрстанциялары” жабык акционердик коомуна тиешелүү корутундуларды, уруксат берүүчү документтерди алууга, долбоордук документтерди макулдашууга жана мамлекеттик экспертизаны жүргүзүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын жарыш долбоорлоого жана курууга уруксат берүүгө көмөк көрсөтсүн.

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын

12-октябрындагы № 559 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 8-пункттун үчүнчү абзацындагы “2013-жылдын 1-декабрына” деген цифралар жана сөздөр “2014-жылдын 1-ноябрына” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын.

10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Дж.К. Оторбаев

Тиркемелер

Басып чыгаруу