КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-сентябрындагы №526токтому

«Электрондук Айыл» бирдиктүү автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө

“Электрондук Айыл” бирдиктүү автоматташтырылган маалымат системасын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында ишке киргизүү максатында, “Маалыматташтыруу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында (мындан ары - “Электрондук Айыл” БАМС) ишке киргизилсин;

2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигине:

- “Электрондук Айыл” БАМС мындан аркы иштөөсүн жана техникалык тейлөөнү камсыз кылуу үчүн маалыматташтыруу инфраструктурасын иштеп чыксын;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги менен биргеликте белгиленген мыйзам тартибинде Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарын Интернет түйүнүнө кирүү мүмкүнчүлүгүн уюштурууну камсыздасын.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунушталсын:

- маалымат модулдарынын базасын заманбап жана сапаттуу толтурууну камсыз кылсын, ошондой эле маалымат базасын түзүүгө жооптуу кызмат адамдарын дайындасын;

- “Электрондук Айыл” БАМС техникалык тейлөөсүн жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен камсыздоо каралсын.

4. Кыргыз Республикасынын финансы министирлиги 2014-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министирлигинин маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ) чыгаша сметасында каралган каражаттын чегинде “Электрондук Айыл” БАМС түзүү, ишке киргизүү жана техникалык тейлөө үчүн өз убагында каржылоону камсыздасын;

5. Кыргыз Республикасынын экономика министирлиги беш айлык мөөнөттө төмөндөгүлөрдү иштеп чыксын:

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволор аралык электрондук кызматташуу административдик регламентин, ошондой эле маалыматтык коопсуздукту сактоо принциптери жана механизмдери жана базалар ортосунда маалымат алмашууда маалыматтарга жетүү мүмкүндүгүнүн деңгээли каралсын;

- мамлекеттик маалыматтык ресурстар жана системалардын абалын каттоо жана талдоо эрежелерин.

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетине 2015-жылдан тартып “Электрондук Айыл” БАМС маалымат базасын топтоо боюнча статистикалык иштердин Программасын киргизүү сунушталсын жана ар бир айылдык калктуу пункт боюнча маалыматтар жыйнагын жыл сайын жарыялоону камсыздасын.

7. Министрликтер, администрациялык ведомстсволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар “Электрондук Айыл” БАМС түзүү жана ишке киргизүү боюнча милдеттерди ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бардык жардамдарды көрсөтсүн.

8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 Премьер-министр Дж.К. Оторбаев

Тиркемелер

Басып чыгаруу