КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-сентябрындагы № 515 токтому

Анкара шаарында 2014-жылдын 3-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер тармагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу

Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Анкара шаарында 2014-жылдын 3-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер тармагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги түркия тарапка аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө билдирсин.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аталган Макулдашуудан келип чыккан милдеттерди аткарууга жооптуу орган болуп аныкталсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2014-жылдын 5-сентябрында N 69 жарыяланды


Кыргыз Республикасынын Премьер-министри


Дж.Оторбаев


Тиркемелер

Басып чыгаруу