КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-сентябрындагы № 514 токтому

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз гематология илимий борборунун уставын бекитүү жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик илимий саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө жоболорду “Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу” жана “Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз гематология илимий борборунун уставы бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 30-сентябрындагы № 572 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз илимий гематология борборун түзүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө” токтомунун 18-пунктунун төртүнчү-алтынчы абзацтары.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгиленген тартипте:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- медициналык мамлекеттик илимий мекеменин жетекчисинин кызмат ордуна дайындоого Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунушту киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрине укук берүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 “Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтомунун долбоорун киргизсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 Премьер-министр Дж.К. Оторбаев

Тиркемелер

Басып чыгаруу