КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-сентябрындагы № 519 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Импорттолуучу автотранспорт каражаттарына бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү ставкасын жогорулатууну болтурбоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 201-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын  31-декабрындагы № 976 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускамада:

- 7.16-пункттагы эскертүүдө:

тогузунчу жана онунчу абзацтар төмөнкү редакцияда берилсин:

“Мисалы: жеке адамдар 2014-жылы алып кирген автотранспортту бажылык тариздөөдө чыгарылган жылына карата мамиле төмөнкүдөй болот:

Чыгарылган учурдан бери өткөн мезгил

Чыгарылган жылы

Бажылык тариздөө үчүн бажылык жыйым

1 жыл

2 жыл

3 жыл

2014

2013

2012

Эсептик көрсөткүчтүн алты өлчөмү

4 жыл

5 жыл

6 жыл

7 жыл

8 жыл

9 жыл

10 жыл

11-12 жыл

13 жылдан ашык

2011

2010

2009

2008

2007

2006

2005

2004-2003

2002 жана андан эски

Эсептик көрсөткүчтүн төрт өлчөмү

Демек, 2014-жыл башталганда 2013-жылы чыгарылган автотранспорт каражаттары, чыгарылган учурдан тартып 2 жыл өткөн автотранспорт каражаттары катары эсептелет ж.б. у.с.”;

 - жогоруда аталган Нускаманын № 4 тиркемесинде:

4.1-таблица ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана экономика жана инвестициялар бөлүмүнө  жүктөлсүн.

 Премьер-министр                                                Дж.К. Оторбаев

Тиркеме

Тиркемелер

Басып чыгаруу