Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоонун тартибин бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоонун тартиби (мындан ары - Тартип) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:
- 2014-жылдын 28-августунан тартып 2015-жылдын 31-августуна чейин Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын жалпы республика боюнча чогултсун жана өткөрсүн;
- Кыргыз Республикасынын жарандары 16 жаш куракка жеткен учурда же Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө документтерди алууда Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын туруктуу негизде чогултсун.
3. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын чогултууга ар тараптан көмөк көрсөтүшсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр Дж.К. Оторбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын «____» _____________ № _____ токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоонун тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоонун тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын чогултуу, иштеп чыгуу жана сактоо жол-жоболорун аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын чогултуу, иштеп чыгуу жана сактоо жол-жоболору (мындан ары - биометрикалык маалыматтар) Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо, жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Тартипке ылайык ишке ашырылат.
2. Бул Тартипте колдонулуучу негизги түшүнүктөр
3. Бул Тартипте төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат: маалымат тутуму – биометрикалык маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо жана коргоо үчүн арналган программалык камсыздоонун жана техникалык каражаттардын комплекси; материалдык алып жүрүүчү - Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык жана жеке маалыматтарын жаздыруу, сактоо үчүн колдонулган корголуучу электрондук алып жүрүүчү; биометрикалык маалыматтарды иштеп чыгуу – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык биометрикалык маалыматтарды каттоо, топторго бөлүштүрүү, блокировкалоо, сактоо жана колдонуу максатында ыйгарым укуктуу орган тарабынан электрондук каражаттардын жардамы менен аткарылуучу каалаган операция же операциялардын топтому; биометрикалык маалыматтарды өткөрүп берүү – биометрикалык маалыматтар базасын түзүү жана андан ары иштеп чыгуу максатында байланыштын телекоммуникациялык каналдары боюнча же накталай жеткирип берүү каражаттары аркылуу бир түйүндөн экинчисине биометрикалык маалыматтарды ташуу, жеткирүү же өткөрүп берүү; биометрикалык маалыматтарды топтоо пункту – ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүндө, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө, консулдук мекемелеринде жана башка жерлерде биометрикалык маалыматтары чогултуу үчүн жабдылган имарат (жай); ыйгарым укуктуу орган – Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган; ыйгарым укуктуу адам – ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери, ошондой эле ыйгарым укуктуу орган тарабынан биометрикалык маалыматтарды чогултуу процессине тартылган башка мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын кызматкери; биометрикалык маалыматтарды сактоо – ыйгарым укуктуу органдын биометрикалык маалыматтардын бүтүндүгүн, купуялуулугун жана корголуусун камсыздоо боюнча иш-аракеттери.
3. Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоонун жол-жобосу
3.1. Биометрикалык маалыматтарды чогултуу
4. Биометрикалык маалыматтарды чогултуу биометрикалык маалыматтарды чогултуу пункттарында ишке ашырылат. 16 жаш курагына жете элек Кыргыз Республикасынын жарандары мыйзамдуу өкүлдөрүнүн же камкорчуларынын катышуусунда жана алардын макулдугу боюнча ыктыярдуу негизде биометрикалык каттоодон өтүшөт.
5. Төмөнкү биометрикалык маалыматтар милдеттүү тартипте чогултууга, иштеп чыгууга жана сактоого жатат:
1) бетинин санариптик графикалык сүрөтү (фотосүрөт);
2) эки колунун манжаларынын папиллярдык оймолорунун графикалык түзүлүшү;
3) өз колу менен коюлган кол тамгасы. 6. Санарип фотосүрөткө коюлган талаптар: беттин абалы нейтралдуу, оозу жабык, көздөрү ачык. Диний ишенимдери боюнча аялдар үчүн жоолуктан тышкары баш кийимдерди кийүүгө жол берилбейт. Жоолук менен сүрөткө тартылган учурда ээктин сүрөтүн даана алуу үчүн ээктин алдындагы моюндун жогорку бөлүгү көрүнүп турушу керек. Жоолук адамдын башына тыгыз салынышы керек. I, II жана III топтогу көрүү боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген майып адамдар үчүн сүрөткө көз айнек тагынып түшүүгө жол берилет.
7. Эки колунун манжаларынын папиллярдык оймолорунун графикалык түзүлүшүн чогултуу эки колунун манжаларынын тактарын алуу үчүн сканер менен жүргүзүлөт. Колдун бир же бир нече манжалары жок болгон учурда колдорунда бар болгон манжаларынын папиллярдык оймолорунун графикалык түзүлүшү алынат, мында биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча ыйгарым укуктуу адам тарабынан маалыматтар тутумуна тиешелүү жазуу киргизилет. Эгерде бир колу жок болсо, болгон колунун манжаларынын папиллярдык оймолорунун графикалык түзүлүшү алынат. Эгерде эки колу тең жок болсо ушул Тартиптин 5-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн биометрикалык маалыматтар чогултулат. Мында Биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча ыйгарым укуктуу адам маалыматтар тутумуна тиешелүү жазуу киргизет.
8. Өз колу менен коюлган кол тамга өз колу менен коюлган электрондук кол тамганы алуу үчүн атайын түзүлүштүн жардамы аркылуу алынат.
9. Биометрикалык маалыматтарды чогултууда курамына төмөнкүлөр кирген тиешелүү жабдуулардын комплекси колдонулат:
1) эки колдун манжаларынын тактарын алуу үчүн сканер;
2) бетти сүрөткө тартуу үчүн түзүлүш;
3) өз колу менен коюлган электрондук кол тамганы алуу үчүн түзүлүш;
4) жеке жана биометрикалык маалыматтарды киргизүү үчүн түзүлүш; 5) түзүлүштөрдүн комплексин сактоо жана ташып жүрүү үчүн контейнер;
6) жеке маалыматтарды корголгон материалдык алып жүрүүчүлөр.
10. Биометрикалык маалыматтардан тышкары Кыргыз Республикасынын жарандарынын төмөнкү жеке маалыматтары милдеттүү түрдө чогултууга, иштеп чыгууга жана сактоого жатат: 1) жеке идентификациялык номер (ЖИН);
2) аты-жөнү (паспорттогу маалыматтарына ылайык); 3) улуту; 4) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун сериясы жана номери; 5) туулгандыгы жөнүндө күбөлүк (мурда Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун албаган адамдар үчүн); 6) жынысы; 7) туулган күнү, айы, жылы; 8) жашаган жери.
11. Биометрикалык маалыматтарды чогултуу процессине Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери тартылат. Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын чогултуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын чогултуу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан ишке ашырылат.
12. Биометрикалык маалыматтарды чогултуу колдонуудагы 1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун же 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун же болбосо 2004 же 2006-жылдардын үлгүлөрүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун негизинде ишке ашырылат. 1974-жылдын үлгүсүндөгү паспорттору бар жарандар биометрикалык каттоодон ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандыгы белгиленген тартипте аныкталгандан кийин өтүшөт.
13. Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан биометрикалык маалыматтарды тапшыруу факты белгиленген үлгүдөгү маалымдаманы берүү аркылуу документтин негизинде тастыкталат. Маалымдаманын үлгүсү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
3.2. Биометрикалык маалыматтарды иштеп чыгуу
14. Чогултулган биометрикалык маалыматтар ыйгарым укуктуу органга байланыштын корголгон каналдары боюнча электрондук ыкма же маалыматтарды коргоо каражаттарын пайдалануу менен материалдык алып жүрүүчүлөр аркылуу өткөрүлүп берилет.
15. Ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык жана жеке маалыматтарынын чогултулушуна жана топтолушуна жараша туруктуу негизде биометрикалык маалыматтар базасын иштеп чыгууну жана актуалдаштырууну камсыздайт.
16. Ыйгарым укуктуу орган катталган биометрикалык маалыматтарда кайталоолордун, каталардын, так эместиктердин, жарандын жеке маалыматтарында грамматикалык жана техникалык каталардын жок экендигин, бул Тартиптин 5 жана 10-пункттарында көрсөтүлгөн талаалардын толтурулбай калгандары жок экендигин текшерет жана контролдойт.
3.3. Биометрикалык маалыматтарды сактоо
17. Биометрикалык маалыматтарды сактоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан туруктуу негизде адистештирилген жабдууларды, материалдык алып жүрүүчүлөрдү пайдалануу жана маалыматты коргоочу каражаттарды колдонуу менен камсыздалат.
18. Чогултуу процессинде биометрикалык маалыматтар корголгон материалдык алып жүрүүчүлөрдө жана жеке жана биометрикалык маалыматтарды киргизүүчү түзүлүштөрдө сакталат.
19. Биометрикалык маалыматтарды сактоонун шарттары алардын жоголуу, бурмалануу жана аларды уруксатсыз пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн жокко чыгарышы керек.
20. Биометрикалык маалыматтарды сактоо мөөнөтү чектелбейт.
4. Корутунду жоболор
21. Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо боюнча иш-чараларды каржылоо мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.
22. Ыйгарым укуктуу орган биометрикалык маалыматтарды чогултуу жол-жоболорун ишке ашыруу үчүн ыйгарым укуктуу адамдар менен келишимдерди түзөт. 23. Биометрикалык маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо жана актуалдаштыруу үчүн жоопкерчилик ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт. __________________________________________________________________