«Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу
Чечимдерди кабыл алуунун жана аларды ишке ашыруунун жол-жоболорунун ачык-айкындуулугун арттыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине жана 25-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Коомдук кеңештер Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана административдик ведомстволорунун алдында тиркемеге ылайык түзүлөөрү белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобого төмөнкү толуктоо киргизилсин:
7-пункт төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
«- коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандап алуу боюнча комиссиянын Катчылыгынын функцияларын аткарат;».
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана административдик ведомстволору эки айлык мөөнөттө өзүлөрүнүн ишин жөнгө салуучу жоболорун «Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү боюнча сунуштарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизишсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Дж.К. Оторбаев
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25 августундагы № 482
токтомуна тиркеме
Коомдук кеңештер түзүлүүчү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары
Министрликтер
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги
Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги.
Мамлекеттик агенттиктер
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги.
Мамлекеттик кызматтар
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат.
Фонддор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд.
Мамлекеттик инспекциялар
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция.
________________________________________________