Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутуу маселелери жөнүндө
Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик өнүгүшүнүн натыйжалуу системасын түзүү, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу системасын жогорку квалификациялуу кадрлар менен камсыздоо максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-январындагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутуунун тартиби жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутууга мамлекеттик тапшырык жөнүндө жобо.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-январындагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматына төмөнкүлөр сунушталсын:
- (2-абзацы КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-январындагы № 40 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүү;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирүү.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-январындагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутууга мамлекеттик тапшырыкты жүзөгө ашыруу үчүн жыл сайын республикалык бюджетте финансы каражаттарын карасын.
4. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-январындагы № 40 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | Дж.Оторбаев |