КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-июлундагы № 413 токтому

Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 521, 108, 112 жана 131-беренелерине ылайык салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын регламенттөө максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелген: Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө убактылуу жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги үч айлык мөөнөттө: - төмөнкүлөрдү караган мыйзам долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана киргизсин: банк мекемелери болбогон алыскы жана барууга кыйын калктуу конуштар үчүн мүлккө салыкты, жер салыгын жана патенттин негизиндеги салыкты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына төлөөгө жол берилээри жөнүндөгү тийиштүү ченемди Кыргыз Республикасынын Салык кодексине киргизүүнү; Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин салык мыйзамдарын бузган административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого ыйгарым укуктуу органдар (кызматтык адамдар) катарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын аныктоо бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү; Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген милдеттерди аткарбагандыгы үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын жоопкерчилигин; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө убактылуу жобого ылайык келтирүү боюнча сунуштарды киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы № 04 форма боюнча салыктын суммасын төлөө жөнүндө квитанциянын бланктарынын коргоо элементтерин жакшыртуу боюнча чара көрсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2015-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу болот.

Премьер-министр Дж.К. Оторбаев

Тиркмелер

Тиркемелер

Басып чыгаруу