КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 447 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-майындагы № 250 “Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2014/2015-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2014/2015-жылдын күз-кыш мезгилине талаптагыдай даярдоону камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана
17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-майындагы № 250 “Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2014/2015-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесиндеги “вице-премьер-министри” деген сөздөр “Премьер-министри” деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр Дж.К. Оторбаев


Тиркемелер

Басып чыгаруу