КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-июлундагы № 427 токтому

2014-2018-жылдарга Кыргыз Республикасында безгек оорусунун жергиликтүү жугушунун кайра башталышынын алдын-алуу
 боюнча программаны бекитүү жөнүндө

Туруктуу эпидемиологиялык бейпилдикти кармоо, безгек оорусунун жергиликтүү жугушунун кайра башталышынын алдын алуу жана элиминациялоодон кийинки мезгилдин натыйжалуу механизмдерин түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелгендер бекитилсин:


- 2014-2018-жылдарга Кыргыз Республикасында безгек оорусунун жергиликтүү жугушунун кайра башталышынын алдын алуу боюнча программа;
- 2014-2018-жылдарга Кыргыз Республикасында безгек оорусунун жергиликтүү жугушунун кайра башталышынын алдын алуу боюнча программаны ишке ашырууга карата иш-чаралар планы.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
2014-2018-жылдарга Кыргыз Республикасында безгек оорусунун жергиликтүү жугушунун кайра башталышынын алдын алуу боюнча программанын жана аны ишке ашырууга карата Иш-чаралар планынын аткарылышын жалпы координацияласын.
3. Министрликтерге, административдик ведомстволорго, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (макулдашуу боюнча):
- 2014-2018-жылдарга Кыргыз Республикасында безгек оорусунун жергиликтүү жугушунун кайра башталышынын алдын алуу боюнча программаны ишке ашырууга карата чараларды көрүшсүн;
- ар бир жарым жылда, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине 2014-2018-жылдарга Кыргыз Республикасында безгек оорусунун жергиликтүү жугушунун кайра башталышынын алдын алуу боюнча программанын жана аны ишке ашырууга карата Иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө отчетту берип турушсун.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 12-июнундагы № 488 “Кыргыз Республикасында безгек оорусуна чалдыгууга каршы күрөшүүнүн жана алдын алуунун чаралары жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-майындагы № 348 “2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында Безгекке каршы күрөшүүнүн улуттук стратегиялык планын бекитүү жөнүндө” токтому.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Дж.К. Оторбаев


Тиркемелер

Басып чыгаруу