КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 438 токтому

Билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Улуттук аккредитациялык кеңеш жөнүндө

Эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:


1. Тиркелген: Билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Улуттук аккредитациялык кеңеш жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып эки айдын ичинде Улуттук аккредитациялык кеңешти түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы менен “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Мыйзамынын ортосундагы карама-каршылыктарды четтетүүнү караган укуктук ченемдик актынын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр Дж.К. Оторбаев

Тиркемелер

Басып чыгаруу