Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Бажы Кодексинин 201-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүн толуктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Жеке адамдардын товарларды жана автотранспортту Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу өткөрүүсү жөнүндө нускамада:
1. 4-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
- «Жеке адамдар тарабынан коштолуучу жүк менен ташылып келген 2000 кг же 1500 литрден ашпаган сандагы товарларга карата бажылык тариздөө үчүн бир эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө жыйымдар алынат жана ЖФ-БКОну колдонуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилген алынып келүүчү товарлардан тизмесине ылайык бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү коюму колдонулат.»;
- 5.1-пунктунда:
- экинчи абзац «БКОну» деген сөздөн кийин «, ошондой эле ЖФ-БКОну» деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«Жеке адамдар тарабынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилген алынып келүүчү товарлардын тизмесине кирген, өндүрүштүк, ишкердик же башка коммерциялык иш үчүн арналган, наркы 40000 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган товарларга карата ЖФ-БКОну колдонуу менен бажылык тариздөө үчүн бир эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө жыйымдар жана 1 кг үчүн – 1 АКШ доллар өлчөмүндө бажылык алымдар менен салыктардын бирдиктүү коюму алынат.»
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Дж.К. Оторбаев