Орозо айт күнү жана жумуш күнүн которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, дем алыш жана майрам күндөрдү сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2014-жылдын 29-июлу Кыргыз Республикасынын аймагында Орозо айтты майрамдоо күнү деп жарыялансын.
2. Эки дем алыш күнү бар беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2014-жылдын 28-июлундагы жумуш күнү 2014-жылдын 2-августундагы дем алыш күнүнө которулсун.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр Дж.К. Оторбаев